Кандай болгон күндө да өмүр бою жүрөгүмдө жашайсың,анткени сенден башка эч кимди ушунчалык жакшы көрүп жүрөгүмө жакын кабыл алган эмесмин,анткени мен сага өзүмө ишенгендей ушунчалык ишенгем,көрсө адамдын баары бирдей эмес экен да,анткени адамдын баары биз ойлогондой болбойт экен да,жашоодо бирибирин алдоо бирибирин сатбоо болбосо кандай жакшы болмок ээ...???
Ушунчалык жакшы көрдүм сени,ушунчалык жандүйнөмө жакын кабыл алдым,бул жашоодо сенден башка жакын адамым болгон эмес жана болуусу да мүмкүн эмес болчу,бирок анын баары мен ойлогондой эмес экен,ушунча болуп мен бир нерсе туура эмес кылсам туура эмес сүйлөсөм кечирим сурайм,ушул убакта канчалык кыйпалып жандүйнөм канчалык жанчылып атканын билсең кана...
Колуңду берчи,жанбиргем кыса кармайын,
Таарыныч кетсин,жүрөктөн чыгып кусалык,
Кагышкан элек,чагылган сымал чартылдап,
Күн бою жүрдүк дүйнөбүз бүтүн муңайып...
Таарынган элем,жаш бала болуп сезимим,
Көргүм да келбей ажарын ушул бетиңин,
Ыйлаган элем улуулар урган балача,
Уусуна батып ачуулу айткан кебиңин...
Жарашпайт экен,сүйлөшпөй күндү кечириш,
Жашынып көздөр,карашпай качып бекиниш,
Жанбиргем берчи колуңду аяр кармайын,
Келет го колдон сүйүүбүз үчүн кечириш...
08.10.2019