ЖАКШЫМ МЕНИН...
Өзөндүн, ашуулардын, бийиктердин,
Өзөгүнө өрт болуп тийип келдиң...
Сезимдердин суурулуп жомогунан,
Сен дүйнөмө кокустан кирип келдиң.
Асма шамдай көөдөнгө бүлбүлдөдүң,
Айыктырды өткөндү тим күлгөнүң.
Дилиңдеги миң сырды окуп жатып,
Дидаарыңа суктанып үлгүрбөдүм.
Колдорумдан түшүрбөс ыйык туумсуң,
Койуу түндө берилип ыр укчуусуң,
Эки мүнөт көп болуп сагынамын...
Эмне мынча "Жарыгым" кызыктуусуң?!
Каламымды кагазга бүлөткөнсүң,
Карааныңды карекке түнөткөнсүң.
Заманама туш болгон жөн жан эмес,
Зарлап күтүп жашаган тилектенсиң.
Кирпигимден түшүнгөн даанышмансың,
Кир дүйнөнүн жолунан алыс жансың.
"Адам" -деген улуулук канга сиңип,
Адилетти жактырган калыс жансың.
Жел