Аңгеме.
Намаз убактысы жакындап калгандыктан, Бегай жайнамазын алып өз бөлмөсүнө кетип бара жатканда капысынан артынан атасы чакырып:
-Бегай, токточу.
-Угуп жатам атаке.
-Кызым, сени менен сүйлөшө турган бир маанилүү маселе бар эле.
-Атаке, азыр мен намазымды окуп келейин анан сүйлөшөлү ээ, болбосо кечигип калам.
-Ии макул барагой кызым, анан шашпай олтуруп сүйлөшөрбүз-деди да атасы басып кетти. Бегай болсо намазын окуганы өз бөлмөсүнө кирип кетет. Бегай үй бүлөдө улуусу жана анын жалгыз Сезимай аттуу сиңдиси бар эле. Бегай жаш кезинен жаратканга сыйынган, жүрөгүн, үмүтүн жана бул жашоосун ыйман жолуна бекемдеген, хиджаб жабынып өзүн таза жолдо алып жүргөн ыймандуу кыздардын бири эле. Ал аз