Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить свой сервис для вас. Вы можете принять их или настроить их самостоятельно. Больше информации
Левая колонка
Жумабек. Аксы.Тамчысындай тыбыраган жамгырдан,
Төгүлсүнчү сага арнаган жакшы ырым.
Тентек желдей кыялыңды ыр кылып,
Торгой болуп таң сүргүнчө таңшыйын.
.
Түптүү жүрттун жарыгы, карт Кыргыздын кайрыгы, чыйратылган чылбыры, дат какпаган кылычы, ордо ойногон кызыгы, мукам үндүү сыбызгы, кайда кетти ! - кайра келгис жайга кеттиби?
Эр жүрөк көчмөн мүнөзүңдөн, курчуткан кайрагыңдан, айбат берчү Айбалтаңдан айрылдың. Бөтөндүн бөркү көрктүү деп, жөлөнүп кеттиң бөлөкө. Башканын салты жөндүү деп, баш катып кеттиң өзгөгө. Тигиники сонун деп, тийишесиң өзүңө. Өзөктө турса сулуулук, өгөйлөп жүрүп куруттук! Теңирден кетип тескери, тирешип жүрүп сөгүлдүк. Кайран кайран улуу журт, бөрүдөй болуп улудук, чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган туулбай Манас курудук ! Кудайга бир күн угулаар, айтылган арман жазылаар. Ал кулум деп бурйруса, өз жолуна салынаар