Издеп жүрөм бир досту бул дүйнөдө,
Ыр ырдап, чимирилип бийлеп турган.
Тоскоолдукта томсортпой колдон алып,
Ыр ыргагын талдаган, иргей турган.
Ыдыраган ынтымакты, бириктирип,
Ынтымактын туу чокусун түптөй турган.
Издеп жүрөм бир досту бул дүйнөдөн,
Бөтөндөргө сырыңды ачпай турган.
Кыйынчылык, оор күндө алакан чаап,
Мыскыл күлүп алыска качпай турган.
Өзүн сүйүп, өксүтүп досту ыйлатып,
Көңүлдөгү эргүүсүн чачпай турган.
Издеп жүрөм бир досту бул дүйнөдөн,
Ишеничти, достукту актай турган.
Көңүлгө кир, жаман сөз, кыйтыр ойду,
Баш бактырбай жүрөккө, бакпай турган.
Бет алдымда күлө карап, а сыртымда,
Жаа, жебесин уулантып атпай турган.
Издеп жүрөм бир досту бул дүйнөдөн,
Ырларындай, ыр сабына терең чөккөн,
Кыя жолдо, кысталышта таштап кетпей,
Калыс сөзүн, ак сөзүн айтып өткөн.
Көрдүңөрдү издеп келем, таппай жүрөм,
Төгөрөгү төп келген дос, кайда кеткен?
Бар бекенби? Ошондой дос араңарда,
Колдон алып, кучактап беттен өпкөн.
Айлуу түндө ыр окуп биргеликте,
Аруулуктун төрүндө сырын төккөн.
Көрдүңөрбү? Издеп жүрөм, табалекмин,
Сурамжылап келатам айдан, көктөн.
Автор:
Кундузбү Маматова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев