"КАЙРЫЛБА"
Кечиргин мен да сени кечирдим.
Бирок жаным эми такыр кечиктиң.
Сагынсам да сүйсөм да унутайын.
Болду эми жашоомдон кеткиниң
Сүйүү деп баарысын унутупмун.
Мына калдым арасында туңгуюктун.
Сенсиз өтөт мындан ары күндөрүм.
Сабыр кылам сыноосуна турмуштун
Сени ойлоп өзүмдү ойлобопмун.
Сүйүүбүздү такыр сен коргободуң.
Келечексиз махабатты кыйнабайлы.
Мындан ары жарым карыш жолобогун.
Менде күнөө берилип ишенгенмин.
Жалгызсырап калаарымды билбегенмин.
Убакытың аз болсо да мага бөлгөн.
Сүйдүм сени ошондо да чыдап келдим
Сүйүүдөн көңүл калды, жүрөк муздап.
Канчалаган түндөр өттү кыйнап куса.
Ыйладым, сыздадым сагындым.
Боломун мындан ары чыдамкай,чыйрак.
Эстебеймин бирге болгон убак
ИЗДЕП ЖҮРӨМ БИР ДОСТУ БУЛ ДҮЙНӨДӨ
Издеп жүрөм бир досту бул дүйнөдө,
Ыр ырдап, чимирилип бийлеп турган.
Тоскоолдукта томсортпой колдон алып,
Ыр ыргагын талдаган, иргей турган.
Ыдыраган ынтымакты, бириктирип,
Ынтымактын туу чокусун түптөй турган.
Издеп жүрөм бир досту бул дүйнөдөн,
Бөтөндөргө сырыңды ачпай турган.
Кыйынчылык, оор күндө алакан чаап,
Мыскыл күлүп алыска качпай турган.
Өзүн сүйүп, өксүтүп досту ыйлатып,
Көңүлдөгү эргүүсүн чачпай турган.
Издеп жүрөм бир досту бул дүйнөдөн,
Ишеничти, достукту актай турган.
Көңүлгө кир, жаман сөз, кыйтыр ойду,
Баш бактырбай жүрөккө, бакпай турган.
Бет алдымда күлө карап, а сыртымда,
Жаа, жебесин уулантып атпай турган.
Издеп жүрөм бир досту бул
- Таяне.
– Оу балам.
– Телефонуңуз качан оңолот?
– Менин телефонум оң эле балам
– Балким өчүп калгандыр.
– Жок, күнүгө эле токко сайып атам.
– Кечөө өчкөн жок беле, таяне?
– Жок. Бул телефон бир толсо 3-4 күнгө жетет.
– …
– Эмне болду балам? Эмнеге сурадың?
– Түшүмө атам кирди. Эмне чалбай калдыңыз
дедим. – Анан эмне дейт?
– Таянеңдин телефону өчүп калыптыр. Ошого
чала албай атам деп айтты…
– Аа, сени сагынып аткан го анда.
– Эмне атам да мени сагынабы таяне?
– Сагынат да балам. Албетте сагынат.
– Сагынса эмнеге чалбайт анда?
– Эми… балким чала албай аткандыр. Телефону
бузулгандыр…
***
– Таяне, телефонуңузду токко сайып койоюнбу?
– Ооба, ошентчи. Эртең менен уктап калбайлы.
– Эмне телефон