МЕН ДЕЛЕ КӨПТҮН БИРИМИН
Мен деле көптүн биримин, таарынам, ыйлайм, кубанам,
Көңүлүм чөгүп үзүлүп, чыйралып кайра уланам.
Сапырып ойду самандай, жыялбай өңдөн кубарам,
Өкүнүү, күтүү, ыр жазуу, тагдырдан алган шыбагам.
Мен деле көптүн биримин, сагынам, жайнап күлөмүн,
Кетилсе көңүл билгизбей, кулпурат кайран гүл өңүм.
Ак жаанда калган ак гүлдөй, жалбырак үшүп кайрылып,
Турса да ачып гүлдөрүн, соолутпай жанды сүйөмүн.
Мен деле көптүн биримин, жан дүйнөм кирдеп чөгөмүн,
Кээ күнү учсам көкөлөп, кээ күнү жерге түшөмүн.
Көөдөнгө байлап жаз жытын, жүрөгүм согот кубанып,
Таянып өргө барса да, сүйүүдөн үзбөй күдөрүн.
Мен деле көптүн биримин, жашыл төр жазды күтөмүн.
22.11.2018.
Кундузбү М