Азатбек агага Кыргызстанга билетин алып берип мекенине жөнөтүүго көмөк кылды.
Бул блогерге абдан чоң рахмат, кайрымдуу боорукер жигит экен, бар болсун, мекендешибизге жардам көрсөткөнү учун да алкап рахмат айтам...
А бирок "токойдо жашап жатам, иш жок ач калдым ток калдым, акчам жок бара турган жерим жок, иштен айлыгымы бербеди, тузум жок, чайым жок, кантым жок" - деп арызданып интервью берген ошол Азатбек аттуу кишинин кылыгын туура көрбөдүм.... Айрыкча "өз олконуздо жашоочу" деп сураса Кыргызстанда такыр иш жок, ал жакта кыйын жашоо, мага Россияда жашаган жагат - деп жатат..... Падработка деген бар, дворник болуп эшик шыпырса да жанын бакмак, иштейм десе тапса болот го....
Кыргызстанда жашоо малина деп айтпайм го бирок, бул жерде деле жалкоо эмес тытынгандар жанталашып иштегендер иштеп нанын таап жеп бала - чакасын багып жатышпайбы, такыр мункуроп калган жок...... Ал эми ыкшоо, ишке мойну жар бербеген жалкоолорго кайсы жерде болсо да "иш табыш" кыйын иийй... 😒
Кыргыздын алты саны аман соо зыңкыйган, билегинде күчү толуп турган кээ бир ушундай эркектери намыстангылачы деги, токойдогу бош контейнерге барып жатып алып "акчам жок тузум жок" деп ыйлактабай.......эгер оорукчан болгондо да унчукмак эмесмин, бирок кучу толгон курагы экен, алты мүчөсү аман соо туруп иштебей минтип интервью берип Кыргызстаныбызды такыр эле бир байкуш жарды өлкөгө чыгарып салганына капамын.... Кыргызстанга келбеген көрбөгөн билбегендер болсо Азатбектин сөзүнө ишенип мекенибизди кантип ойлогондорун элестете бергиле....... 😒Дагы уялбай жанымда айыл бар ошол жердегилер оокат ашыма деп продукты беришип турат, каралашат - деп колу менен айыл тарапты жаңсап көрсөтүп коёт...
Россияда жалгыз бой аял заты болуп туруп уч төрт балдарын жалгыз багып, ал эмес тууган уругуна жардам берип айылга акча салып да жетишкендери бар, блогердин камерасына "кокуй ач калдым, тузум түгөндү, чайнегим жок" деп ыйлакташканы жок..... Белди бекем бууп иш тандабай иштеп, ал эмес эки үч иште иштеп, суткасына 4 - 5 сааттан гана уктагандары бар.....мындайлар четтен табылат, же жалган айтамбы туугандар?!... Анан акчаны таап алып эс алганы да жетишет азаматтар....
" Жаштыкта берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү" дешет, азыр жаш эле туруп анан да эркек башы менен дени карды соо туруп, блогерге арызданып мекенин жерге чаап отурганы эркекчиликке жатпай калыптыр ай.... Жанын багып оңой оокатка көнүп алып жүргөн да, бала чакасын эмес, бир кара жанын багалбай ыйлактаганы акылсыздык!
Азатбек мына сизге билет алып беришти, мекенге учакта учуп келдиниз, эми бош жатпай иштениз, иштейм деген киши чөлду бейишке айлантат, бизде иш толуп жатат, айылда канча жерлер айдалып каралбай бош жатканы бар, суу да кеңири.... Дагы бир шылтоо таап арызданып журбонуз эми....
(Мекендешибизди табалап, үстүнөн күлүп жатат дебениздер, менде андай ой жок, дени соо эркек боло туруп иш таппадым деп арызданганына чыдабай кеттим..)
Сиздер кандай дейсиздер, бул боюнча кимде кандай пикир бар? https://www.facebook.com/groups/138567936902089/permalink/840616700030539/?app=fbl


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 19
Озу бомж болуп жашап атып, Россияда жашаган жагат имиш
Кудай сактасын. Уул-кызыбызга ыйман берсин.