Ал эки создун бирине эле теригип,адамдарга катуу айтып салат. Бир куну атасы аны чакырып алып,ага бир баштык мык берет да: "Балам ,ачуунду кармай албай калган ар бир учур учун тигил турган устунга бирден мык кагып турасын. Бул сага жаза болсун ",- дейт. Ошентип,биринчи эле куну ал устунда ондон ашык мык пайда болот. Бир жуманын ичинде мык каккандан жадаган бала озун карманганды уйроно баштайт. Кагылган мыктар кундон -кунго азайып отуруп ,бир да мык кагылбай калган кун да келет . Ал атасына барып бул жетишкендиги тууралуу суйунчулойт. Бирок,атасы ага кайра жаны тапшырма берет. "Эми ,балам , сабырдуу болуп, озунду колго алып, айта турган жерде ачуу созунду айтпай калган ар бир учурда мындан бирден мык сууруп тур",-дейт . Бала бул тапшырманы да бир топ кундо аткарат . Ошондо атасы баласын чын дили менен куттуктайт. Бирок, аны устунга ээрчитип келип :" Мына балам, сен озунду тарбиялоодо ото чон ийгиликке жетиштин. Бирок,тиги устунду карачы ,анда аарынын уюгундай болгон тешиктерди кордунбу. Алар эми эч качан мурункудай тегиз болбойт. Адамдын конулу да ушундай ,балам . Бир катуу айтып,конулун калтыргандан кийин, канчалык окунуп,кечирим сурасан да ,канчалык жакшы соз айтып турсан да, тиги устунга окшоп так калып калат. Ошондуктан, оюна туура келгендин баарын айта бербе ,бирок, айтар созундун баарын алгач жакшылап ойлонуп ал! Мына, менин сага аталык кенешим ",-дейт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев