Белгилүү табийиндерден болгон аалым Ибрахим ибну Адхам күндөрдүн биринде Басра шаарындагы базарлардын биринен өтүп бараткан болот. Ошондо аны көргөн адамдар ага үймөктөшүп: "О, Абу Исхак! Аллах таала Куранда: «Менден дуба кылып сурагыла, Мен силерге жооп беремин» – деп убада кылды. А биз дуба кылып Аллахтан сурап жатабыз, бирок эмнеге дубаларыбыз кабыл болбойт?" – деп сурашат. Ошондо ал мындай деп айтты: «Анткени силердин жүрөгүңөрдү он нерсе өлтүрүп салган:
1) Аллахты билип, бирок Анын алдындагы милдеттериңерди аткарбадыңар;
2) Куранды окуп, бирок андагы айтылгандарды кылбадыңар;
3) Пайгамбарды жакшы көрөбүз деп коюп сүннөтүн таштадынар;
4) Шайтанды анык душман деп коюп аны ээрчидиңер;
5)