Muftiyat.kg/ 10-июнь/ Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппарат жетекчиси жана Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн «Рамазан айынын башталышын жана Орозо, Курман айт күндөрүн тактоо» темасынын алкагында Өзбекстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулган тегерек столго катышты.
Тегерек столго Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин дайындоосу менен КМДБнын Аппарат жетекчиси жана Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, Өзбекстан мусулмандар башкармалыгынын Азирети Муфтийинин орун басары шейx Абдулазиз Мансур жана Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын өкүлдөрү катышып, дин аалымдары айдын чыгуусун жана орозо айынын башталышы, айт күндөрүн бирдиктүү белгилөөдө астрономиялык илимдин далилдери менен шарият илиминин чегинде талкуу жүргүзүшүп, бирдиктүү чечимдерди кабыл алууну макулдашты.
Муну менен катар тараптар дин башкармалыктар арасындагы кызматташууну жакшыртуу, достук алакаларды бекемдөө жана тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышып, мындай тегерек столдордун өтүшү ынтымактын бекемделишине өзүнүн зор салымын кошоорун баса белгилешти.
«Дин аалымдарынын биримдикте болуусу жалпы мусулмандардын биримдикте болуусун камсыздайт. Ошондой эле мамлекеттер ортосундагы достук алакалар бекемделип, ынтымагыбыз артат. Ал эми жалпы катышуучулар мындай илимий жыйындарды тез-тез өткөрүп турууну макулдаштык»,-деди Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев.
Ал эми Ташкентте өткөн жыйындын соңунда дин аалымдары Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстан мамлекеттери Орозо айт майрамын 15-июнда белгилөө чечимин кабыл алышты.
Эскерте кетсек, «Рамазан айынын башталышын жана Орозо, Курман айт күндөрүн тактоо» темасынын алкагындагы тегерек стол Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан демилгеленип, Өзбекстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев