#ИРИС
1-БОЛУМ
Тааныш айылга барып, эзелки курсташ курдашыма жолугуп, сагынычымды таратып, түнөп келдим... Кечки тамактан кийин серүүндөп; чакан бакчасына жайгашып, шиберге салынган жер төшөгүнө бутту керип, тегеректеген жемиш бактарынан тараган жыпар абасын кээре жутуп, айылдын салкын ыракатына чөмүлүп, эзиле азилдешип жаттык. Бир маалда тээ илгери жолугушуудагы бир учур эсимде жанданып, анын үйүндө убактылуу конуп жүргөн чет элдик кыз тууралуу, жөн эле кызыгып сурай салсам...Курдашым эмнегедир бул суроомдон чоочулап кетип, таканчыктап, капыстан оңтойсуз абалга тушукту? Денеси үлп эткен желге бийлеген жалбырактай чайпалып, ойлонууга кириптер болуп, заакым убакытты коротуп жатат? Ал би
#ЦЫГАН КЕМПИРДИН БЕЛЕГИ
2-БОЛУМ
- Эмне болду сизге чоң эне! Келиңиз мен жардам берейин, отуруңуз кичине,эс алып алыңыз!- Алия колтугунан жөлөп, отургучуна отургузду.
- Наис ту мирО миленько чАюри! Драго чАюри!- кемпир өз тилинде бир нерсени кобурады.
- Түшүнбөдүм сизди
-Кечирип кой кызым ,өз тилимде, романо тилинде кобурап жаткан турбаймынбы!
Сага чоң рахмат алтын кызым! - деп жатам.
- Сол чөнтөгүмдө дарым бар эле ,алып берип койчу ,акыркы күндөрү жүрөгүм жакшы болбой жүрөт.
Алия дарысын алып берип ,ары жактан бир стакан суу алып келе калды.
- Бактылуу бол кызым ,азыр кичине эс алып алгандан кийин үйүмө акырын кетейин!
- Чоң эне мен сизди жеткиришип коёюн,жолдон дагы ооруп жыгылып калсаң