Адамдын бул дүйнөдөгү эң чоң душманы – анын айланасындагы кара ниет киши эмес, тагдырдын сыноосу да эмес. Адамдын негизги душманы – өзү. Өзүнүн тили, шашма ой-пикири, сыр сактай албаган жеңилдиги, ар бир сөзгө алданып, ар бир сезимге жетеленип кеткен сапаты – баары биригип, адамды өзү курган бакыттын босогосун өзү бузууга, өзү жараткан дүйнөнү өзү талкалоого алып келет.
А инсан ким? Инсан – сыр сактаган жүрөк. Башкалар билбеген, байкабаган, бирок өзүнө гана чоң мааниге ээ болгон купуя дүйнө. Дал ошол дүйнө бекем сакталса, оомат да, бакыт да, тынчтык да адамды табат. Себеби жашоодо сыр – руханий калкан, тагдырдын тагы, ийгиликтин кулпусу, адамдын өзүн коргоочу бекем чеби.
Жашоо көбүнчө үнсүз жасалган иштерден, ичке бекитилген ойлордон, сыр катылган максаттардан өсөт. Жетишкендикти да, кемчиликти да, кирешени да ар кимге жар салып айта бербөө – бул өз жашоосун көздүн назарынан сактап калуунун өрнөгү. Адамдын жеке ийгилиги – анын гана эмгегинин жемиши. Аны ар кимдин баасына таштап койгон – бакытты базарга чыгарып койгон менен барабар. Ал эми турмуштагы кыйынчылык – сыноо. Сыноону жеңген адамга гана бакыт эшиги ачылат.
Үй-бүлөдө болсо, ар бир кыйчалыш, ар бир жетишпестик – сырткы дүйнөгө эмес, үй-бүлө ичиндеги адамдарга тиешелүү тагдыр. Үй – адамдын бекем чеби. Бул чептин сыры сыртка чачыраса, дубалы солкулдап, куту качат. Үйдүн ырысы да, ырыскысы да ички тынчтыктан башталат. Кыйынчылыкты да, кайгысын да ар кимге айтып, сыр кылбай ташып жүрүү – аялуу мезгилди бирөөнүн пайдаланып кетишине шарт түзүшү мүмкүн.
Жумуш менен бизнес да ушундай. Бакыт тынчтыкты, ийгилик үнсүз эмгекти сүйөт. Кирешени, тапкан жолуңа чейин айта берүү – өз ийгилигиңди өз колуң менен бирөөнүн колуна өткөрүп бергендей. Көз тийүү, сөз тийүү – жөн эле уламыш эмес, адамдын ички энергиясын бузган күч. Эмгектин берекеси – сактыктын ичинде. Тапкан кирешеңди айта бергенде кимдир бирөөнүн назары түшүп, анын ичиндеги ич күйдүлүк же терс энергия сага карата багытталышы мүмкүн. Жаман сөздүн терс күчү кыялдарыңдын үстүнө көлөкө түшүрөрүн унутпоо керек.
Сыр сактай билүү – накта инсандык бийиктик. Ал тургай душмандын да сырын сактап коюу – чыныгы эр жүрөктүүлүк. Сырды ачып салуу – өз тагдырыңа өзүң ор казган менен барабар. Сыр – ишенимдин күзгүсү. Ишеним сынган жерде эч нерсе өнбөйт. Бирөөнүн сырын ачып, аны мазактоо – ийгилик эмес; бул келечекте өзүңдүн да сырыңдын жайылып кетишине жол ачкан кадам.
Бала тарбиясында болсо, эл алдында анын кемчилигин жарыялоо – балага эмес, ата-энеге түшкөн кара так. Баланы басынтуу – анын келечегине балта чабуу; аны үнсүздүккө, мококтукка, чечкинсиздикке, аргасыздыкка жетелөө. Бул – баланын өз багытын табышына тоскоол болгон эң коркунучтуу нерсе. Бала – гүл. А гүлдү муздак сөз менен чаап салган адам – анын өнүп чыгышына бөгөт койгон адам. Ал эми кичинекей ийгиликти да көрүп, мактап, дем берип коюу – баланын келечегине жарык шам жагып, үмүтүн ойготуу. Назары сынган бала келечегин көрбөйт, анткени анын каалоосу өчкөн, максат кылууну унуткан.
Адам ар кимди эле жакынсытып үйүнө чакыра бербеши керек. Үй – ыйык мейкиндик. Ал жерде ошол үй-бүлөгө тиешелүү береке, жылуулук, энергия сакталат. Ал келген ар бир адам өз ийгилигин гана эмес, өзүнүн оң жана терс энергиясын, маанайын кошо алып кирет. Үйдөгү тынчтыгыңа, жакшылыгыңа суук сөз аралаштыргың келбесе, көп конок күтүүгө чек койгон туура. Үйдүн көзтөн далдоо болушу – бакыттын жана ынтымактыктын бекемдиги.
Жүрөктү ич күйдүлүктөн, текебердиктен, кайдыгерликтен арылтуу – ички тазалыктын негизги жолу. Башканы мазактоо менен өзү рахаттангандар бар; бул – чоң күнөө. Башканын ишине, турмушуна, мамилесине тиешеси жок туруп тумшугун тыгуу – адамгерчилик эмес. Башканын чечимин, каалоосун сыйлап үйрөнүү – чоң эрдик.
Бөөдө каргыш, эки жүздүүлүк, ач көздүк – адамдын жолун бууган ички караңгы күчтөр. Жаман сөздүн учкуну, терс энергиясы кайрылып келип, адамдын өзүнө тийерин көптөр түшүнбөйт.
Адам күнөөнү башкалардан издебей, алгач өзүнөн кароо – руханий өсүүнүн чыныгы башталышы. Өз катасын моюнга ала алган адам – акылсызды жеңген, өз жан дүйнөсүн жарыкка чыгарган адам. Акылдуу адам жеңилет, анткени акмакка теңелгиси келбейт, адамдыгын бийик сактайт.
Акырында, адамгерчилик – алыш-бериш мамиле эмес. Адамгерчилик – эсепке салынбаган, эсеп менен берилип, эсеп менен кайрылбаган асыл сапат. Жакшылык кылып, аны милдет кылбоо – улуулуктун белгиси. Жакшылыкты бетке кармап, бирөөнү жипсиз көз каранды кылып байлоо – адамгерчиликтин маңызын бузат. Чыныгы адамгерчилик – үнсүз, бирок жүрөктөргө чачкан жарык. Чыныгы бакыт – сырды сактаган тынчтыктын ичинде өсөт.
Жогорудагы терс сапаттар адамдын өзүнө гана зыян алып келет. Мындай терс энергиядан өзүн коргой билген адам – мыкты адам. Анткени терс сапаттарды боюна сиңирип алуу – өз жолун өзү жаап алуу деген сөз. Чыныгы жеңиш – өзүн жеңген адамда гана болот.
Куку


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2