Ушул эле айылдын М. Тешебаев атындагы орто мектебинин мугалими Оморов Төлөгөн инибиздин демилгеси менен " Көп түкүрсө көл болот" атту иш чара уюштурулган. Бул демилгенин максаты айыл жаштарынын ден соолугуна кайдыгер мамиле кылбай машыгуу залын ачып берүү эле. Төлөгөн инибиз көтөргөн демилгени айыл тургундары кары жаш дебей колдоп ар кимиси өз салымын кошуп жатышты. Көрүнгөн тоонун ырагы жок демекчи көздөгөн ой максаттарыбыз көпчүлүктүн салымы менен ишке ашып олтурат. Иш чарага айыл аксакалдары жана айыл өкмөтүбүз Туйбаев Таалайбек келип катышып ынтымактуу элге ыраачылык айтып ак батасын берди. Биздин оюбузча өзүбүз туулуп өскөн айылыбызды өзүбүз көтөрбөсөк өзгө бирөө келип көтөрүп бербейт. Эмне демекчибиз урматтуу айылдаштар машыгуу залыңар жана андагы жаңы заманбап шаймандары кут болсун. Иш чарада өз милдетин толугу менен аткарган айылдык кеңеште эл өкүлү Абдибаит Калбеков агабызга, айыл тургундарына жана алыста жүргөн айылдаштарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Кудай буюруп эл ынтымагы ыроолоп турса дагы да көптөгөн жакшы иштерди жасайбыз деген үмүттөмүн.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 28