Предыдущая публикация
Кош Сентябрь көрүшкүчө эмкиде.
Ортодогу сырды айтпа эч кимге.
Жагымдуу күн нуруң менен коштолгон.
Ушул күндөр эскерилээр бир кезде.
Жазда келчүү сүйүү келип күзүндө.
Сары кызыл өң тартуулап жүзүмө.
Толкуну жок турган өмүр чайпалды.
Кайык сымал өтө албаган өйүзгө.
Балким ушул керек болчу жаныма.
Жазуу үчүн жакшы ырларды жаңыча.
Татту түштөй жан эргитип ойготкон.
Эс мас кылып эс акылың тапкыча.
Негизи эле биз акындар ушундай.
Олжо издеп учкан тоонун кушундай.
Жер кыдырып жаңы эргүү издейбиз.
Эл таба алгыс сезим күүсүн укмуштай.
автор:Топчубаев Кылычбек


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев