Предыдущая публикация
Оштогу биздин сүйүүбүз, жолдорго барып такалат.
Ошондогу чаң көчөнү, коюшкан азыр асфальттап.
Ооруса дагы эт жүрөк, ойлонгон менен пайда жок.
Опурталдуу бул турмуш, сезимди койду басмарлап.
Бергенмин ооба убада, болоюн деп жан шерик.
Жаныңда болуп эрте кеч, кетпеймин деп эсерип.
Кантейин дүйнө туруксуз, капилет болдуу баарысы.
Аңтар теңтер дүнүйөм, түшүнбөй калдым теңселип.
Экөөбүз баскан көчөлөр, эми андай тар эмес.
Бактылуу ошол мүнөттөр, болуп калды бир элес.
Сноско түштү махабат, сүрүлгөн баары теп тегиз.
Учурдун болду талабы, сүйүү бузган мен эмес...
автор: Топчубаев Кылычбек
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев