Предыдущая публикация
Күүгүм түшүп күн жаныңдан батканда.
Жарк дей түштүң окшоп аткан ак таңга.
Жолдору бир жолоочудан болдук биз.
Сапар улап сөздөр бүтпөй ак шамда.
Сендик көздөр карегиме кадалса.
Ойлор келет орундалгыс ар башка.
Сөз төркүнүн башка нукка бурасын.
Кулак салбай куйкум сөзүм айтсам да.
Узак сапар улам барат кыскарып.
Сен барчуу жер жакын калып ат чабык.
А мен болсо үмүт үзбөй сайраймын.
Ар сөзүмдө махабатты кыстарып.
Айла канча акыры жеттик үйүңө.
Жай айынын айлуу жарык түнүндө.
Кош айтышып кала бердиң жодур көз.
Айтылбаган сырлар жанып көзүңдө.
автор:Топчубаев Кылычбек
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4
Конулум тушор сен Жака.
Клапаны корбойм жузунон.
Жайдары муноз Кара коз.
Санаасы жок сулуу Кыз.
Сан жылдыз Белен коктогу.
Саанамда болуп журо Бер .
Кара коз сулуу карындаш .
Конулум тушуп сен Жака .
Конулдо болдун карындаш .
Колунду сурап барган да.
Макул деп койчу сулуу Кыз .
Саламатсызбы .