Предыдущая публикация
Олтуруп Така белинде,
Көз салам талдык жерине.
Кыздары кандай болду экен?
Келинчек кылсам элиме...
Коюмду айдап күнүгө.
Ширалжин-Талаа чөбүнө.
Ойлорум кетет бел ашып...
Талдыктык кыздар көрүнсө.
Уурусу Мөнөк болушат.
Кыздарын бекем корушат.
Келишсе Кербен-Колдуктар.
Кыз уурдайт деп чочушат.
Себеби... эзелтеден биз.
Куда сөөк болуп келгенбиз.
Мөнөктөр менен Ай-Жорулар.
Кылымдап коңшу элденбиз.
Айткыла кентем туугандар.
Талдыка атын бургандар...
Табылар бекен? бир сулуу.
Талдыка күйөө болгум бар.
автор:Топчубаев Кылычбек
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев