Эч себепсиз эки экиден эрчишип.
Кээ бирлери уул кыздарын эрчитип.
Ата журттан, Тага журттан туугандар.
Конок болуп конуп кетчүү келишип.
Эч себепсиз Атам менен Апам да.
Тамагынан бөлуп салып табака.
Иштен кийин же эс алуу болсо эле.
Ашыгышчуу тууган сурап барганга.
Ата-Энебиз маек куруп олтурчуу...
Бөлүшүшүп жакшы тилек ойлорду.
А биз балдар бала кыял шоктонгон.
Тынбай чуркап ойночу элек оюнду.
Азыр андай болбой калган учурда.
Той-Ашта эле барышышат тууганга.
Коштоп барып конверттер чөнтөктө.
Үйдө уул кыз айланышты жаттарга.
Келгилечи каташалы туугандар.
Ата журтум, Кайын журтум, Тагалар.
Силер үчүн ачык биздин үйдүн эшиги.
Сөзсүз келсин ээрчип алып балаңар.
Маңдай тердеп ичеличи чай ыссык.
Тапканымды дасторконго жайылтып.
Зээриктирбей ырдап берем келсеңер.
Шербет, Шарап чаңкооңорду кандырып.
автор: Топчубаев Кылычбек
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев