Өзүңдү жаным жандасам.
Өзүмдү калам тааныбай.
Өзгөрөт мүчөм, кыялым.
Өзгө бир башка адамдай.
Жоголом кээде адашып.
Жолумду артка таба албай.
Жоолугуң жолдон азгырып.
Жомоко кирип калгандай.
Тариел Нестан-Дарежан.
Экөөбүз болуп калгандай.
Чегинен чыгат сезимдер.
Акылга моюн суна албай.
Ар сапар калат бүтпөстөн.
Арзыккан арман айтылбай.
Ай батып эрте күн чыгып.
Айлуу түн бир аз кармалбай.
Миң бир түн болуп жомогуң.
Сыялар соолуйт жаза албай.
Сыр сандык бойдон катылып.
Сезимдер сендик ачылбай.
Коштошуп кайра сагынам.
Кылымга көрбөй калгандай.
Колтуктап эле жүрсөм дейм.
Колуңдан кармап чыгарбай.
Кыялдар кылым карыткан.
Кыйналат бирге боло албай.
Кыйракан болуп бүткөнчө.
Келчи эми жаным кыйнабай.
автор:Топчубаев Кылычбек
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев