Акындардын арасында жүргөндө.
Асыл сөздөр чыгып турчу күлгөнгө.
Анча мынча алым сабак айтышып.
Жаңы ойлор пайда болуп жүрөктө.
Азыр болсо жүргөн кезим элетте.
Көз кандырып көк шиберлүү белеске.
Көөдөн туйлайт көптү ойлоп күнүгө.
Мени жаз деп ырлар туруп кезекте.
Колго алып калем жана баракты.
Камынганда жакшы ойду жазганы.
Кетет ойлор туш тарапка чачырап.
Калемгерлер жанымда жок баягы.
Колдоп турчуу колдон буттан жөлөшүп.
Караңгыда жарык жолду көргөзүп.
Кайда калды кагылайын кыраандар.
Капилеттен даңыр жолду өзгөртүп.
Аргымактай адашкан өз тобунан.
Кээде туруп өз өзүмчө ошкурунам.
Кызык күндөр өткөнүн эстегенде.
Жалын пүркөп мурундун таносунан.
Куйкалабай кусалык аман жүрсөм.
Күн келээр үмүт үзбөй күтүп жүргөн.
Кумарыбыз кангычээкти ыр окушчуу.
Дагы да сырдашчуу чын жүрөктөн.
автор:Топчубаев Кылычбек


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 6