Ошондо мен ойлобогон элем сени
Чын махабат келгенинде башыма
Жоксун эми сен менин жанымда.
Сен турмушка чыккан күндөн баштап
Бир өзүм калгандаймын жалгыздап
Башка кыздар так көрүнбөй көзүмө
Билесиңби бул мен үчүн кандай азап.
Арманым көп бул дүйнөдө эй кудайым
Эмне үчүн сүйгөнүмө жете албадым
Бир келди эле сүйүү мага алоолонуп
Жүрөгүмдүн гунчасына бакыт конуп.
Ушунчалык сулуу болуп жаралыпсын
Сенден бөлөк кызга көңүл койоалбаймын
Канчалык унутууга урунбайын
Барибир көз алдымда сен турасын.
Каршы болбосоң ушул жазган катыма
Улантайын калганын дагы сага
Түгөнбөс сага болгон сүйүү ырларым
Таанылсын жер жүзүнүн барыга.
Исаков Бекмамат.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2