17 - бөлүм
Ошентип өтмүштөгү бардык тарыныч, өксүк, ызалыктарды артка таштап бири - бирин ортодогу балдардын келечеги үчүн кечиришип жашоого бел байлаган Эрмек менен Гүлнизанын жаңы жашоосу башталды. Телегейи тегиз болгондой, бактылуу балалыктын шамы жагылып, удаалаш кыздары менен уулунун кубанычында чек жок эле.
Гүлниза мурдакыдай кайраты болбосо деле, үйдүн тиричилигине кыздары тырбалаңдап жардам берип, үйлөрү да тап түйнөктөй тазаланып, кир когу да жуулуп, тамак аштары да бышып, жатканы менен, дагы эле жетишпестик, тартыштык Эрмектин көңүлүн өксүтүп, санаага салып, көкөйүн кесип жаткан эле.
Кундөрдүн биринде, Эрмек өзүнүн көптөн бери ойлоп жүргөн оюн ортого салып, Гүлнизага айтып, агынан жарылды.
-- Мен машинамды сатып, Россияга барып иштебесем кыйналып калат окшойбуз! Жокчулук жон тырматып, көкөйдү кесип, айлабызды курутат окшойт.
- Айтканыңа кошулам. Сен менин агам менен Кореяга барып иштебейсиңби? - деди Гүлниза Эрмекке суроолуу карап.
-- Макул сен эмне десең ошол! Сен агаң менен сүйлөшүп көрчү! Макул десе, машинаны сатып, документтеримди даярдай берет элем - деди Эрмек Гүлнизанын сунушун чын жүрөктөн кубаттай сүйлөп, көздөрү жайнап кетти.
-- Ооба айтайын! Бирок ал жакта дагы бойдок кыз, келинчектер көп - дешет. Сен дагы күйөө балаң Азатка окшоп үйлөнүп алып, балдарым менен мени дагы шорлотпогун! - деп күлүп койду.
- Кайдагыны айтпачы эми! Кызыгып барып иштеп келейин - деп жатканымда - деп Эрмек кызаңдай калды.
-- Ой тамаша го! Сага эле кимдин көзү учуп туруптур - деди кайра Гүлниза шыңкылдай күлүп.
-- Ооба десең! Бирок азыр андай ашыкча тамашанын да сөздүн дагы кереги жок - деди Эрмек.
-- Кечир мен дагы ойлонбой одоно тамашалашып койдум окшойт - деп Гүлниза Эрмекти көздөрүнүн кыйыгы менен кылыктана карады.
--Жаным, мага сенден башка эч кимдин кереги жок! Аны өзүң деле жакшы билесиң - деген бойдон кучагына орой калып чачынан сылап, жүзүнөн сүйүп, Эрмек каттуу улутунуп алды да:
"кана эми ылаажым болсо, сенин жаныңдан карыш жылбай, жашасам - деймин. Бирок айлабыз жок болуп жатпайбы? Экөөбүз чогуу кетсек балдарыбыз кыйналат го -деди.
- Биз үчүн кыйналып, кылчактап кыйыла бербей эле эл катары барып иштеп келе бер!
Элдер барып иштеп келип, үй салып, иштеп келип той жасап, иштеп келип машина сатып алып, байыганы байып, алганын алып, жулганын жулуп эле жатат. Экөөбүз ыйкы - тыйкы болуп жүрүп, артта калып кеттик - деп Гүлниза өксүк аралаш улутунду.
-- Эми деле кеч эмес буйруса! Баары жакшы болот - деп Эрмек Гүлнизанын колуна колун коюп, көздөрүнө жалдырай карады.
Нурбек Азизанын жалгыз уулу болгондуктан кареги менен тең айланып, эч нерседен кем болбой өсүп калгандыктанбы же канында барбы?, айтор акыл, эстүү окуган илимдүү, билимдүү болгону менен ачуусу чукул, беттегенин бербеген, айтканынан кайтпаган өжөрлүгү менен өзүмчүлдүгү болбосо, кесиби да врач. Өзү болсо, сымбаты сыны келишкен көркөмдүү жигит. Нурбек мединститутту аяктап жатканда, 2 - курста окуп жаткан Гүлайымга көзү түшүп, ашык болуп, аны менен таанышып, сүйлөшүп жүрүшөт. Нурбек алып кетейин - дегенде, Гүлайым "жок дегенде, төртүнчү курска жетейин антпесе окуумду аяктай албай калышым мүмкүн" - деп көнбөй койгондо,
"анда макул, сенин айтканыңдай болсун! Сени төртүнчү курска жеткениңде мен сени алып кетемин" - деп кыз менен антташып бөлүнүп кетишет. Алар телефондо ар дайым сүйлөшүп турушкан.
Бирок кийинчерээк Гүлайым негедир кабарсыз болуп кеткендиктен артынан атайын алыс болсо да, калтырган мекен жайы боюнча иликтеп барганда, Гүлайым алда качан башкага турмушка чыгып кеткенин угат. Бирок ошол бойдон артына кайтып кетпестен , ачуусу менен Гүлайымдын жумуштан кайтканын акмалап, аңдып жүрүп, кызганычтан элирип, жанында эч кимдин жоктугунан пайдаланып, "эмнеге мени алдадың"- деп, кол көтөрүп, ал тугүл аёсуз уруп - согуп тепкилеп, эси ооп жатып калганда качып кеткен. Бирок Гүлайым ооруканадан эсине келгенде, боюндагы төрт айлык баласына доо кетип, айрылып калганын билип аябай жаны кейип, Гүлайым дагы арыз жазып, органга тапшырганда, анын кесибине башкасына да карабай, иши сотко ашып, эки жылга камалып кеткен бойдон чыгып келгенине аз эле күн болгондо, таякеси Тайландын үйүнө апасы Азиза менен тууганчылап келишкен эле. Нурбек бул жолу да тагдырдын жазмышына таң калып турду.
Эмнеге айланамда миңдеген миллиондогон адамдар жүрсө дагы, Зулфия менен кайра - кайра жолуктурат - деп ойлоду. Тумандаган ойлору менен, таякеси Тайландын үйүндө таң атканча уктай албай ойдолоп чыкты. Кичинекей куурчактай болгон Набаттын элеси көз алдынан кетпей койду. Зульфия экөөбүздүн ортобуздан жаралган чиеленишкен сыр жабылуу бойдон калабы? Же качандыр бир кезде, кыз чоңоюп атам ким? - десе сырыбыз ачылып, абийирибиз айрандай төгүлөбү?
Нурбек үшкүрүнүп ары бери ойдолоп кирпик какпай, көздөрү кызарып, ыйлагандай шишип кеткен эле. Улам сыртка чыгып кайра кирип,
үстөккө - босток тамеки чегип, кантип таң атканын да сезбей калды.
Эрмек кайын агасы менен Кореяга иштегени кетти. Арадан ай өтүп, Гүлнизага акча салды. Телефондо тез - тез сүйлөшүп турушат. Гүлниза жарым жыл өтпөй, саан уй сатып алып, үйлөрүнүн кем карчын толуктап, күйөөсүнүн алыста кыйналып тапкан маянасын туш келди чачпай, үйлөрүн оңдотуп, ал түгүл кайын сиңдиси Набатка да каралашып жатты. Турмуштары кыйла оңолуп, мектепте кыздары менен уулу сабактарын жакшы окуп, үлгүлүү окуучулардын катарына кошулуп, мугалимдердин арасында оозго алынып жатты. Гүлнизанын агасы көп жылдардан бери Кореяда жашап, эмгектенип жүргөндүктөн бараары менен эле чоң заводго жумушка киргизип, жатаканага да орноштуруп койду. Эрмек кайын агасына аябай ыраазы болуп, кыйла жыл илгери эле келип иштей бербегенине аябай өкүндү.
Набаттын күйөөсү Россиядан кайрылып келип, айлап жүрүп, үйдү сатып, акчанын жартысын агасынын уулу Хамзага бөлүп берди. Калганына кошумчалап Набат менен кыздарына шаардан үй сатып берип, көчүрүп баргандан кийин, Набат менен болгон никени жокко чыгарышып, Набаттан жана эс акылына кирип калган кыздарынан кечирим сурады. Азат коштошордо салаалап агып жаткан көз жаштарын арчыганга чамасы жетпей, бурулуп кетти. Набат да кыздары менен ыйлаган бойдон Азат менен коштошуп кала беришти. Ал кайрадан Москвага учуп кетти. Ооба бул дагы тагдырдын жазмышы.
. Зульфия Жолборско турмушка чыгып калганына кыпындай да өкүнбөдү.
Себеби Жолборс ак көңүл колу ачык, Зульфияны ар дайым эркелетип, жылуу сүйлөп, кыздарын да бөлүп жарбай, бири - биринин көңүлүн аяп, ыгына көнүп, ынтымактуу жашап калышты. Жыл айланбай Зульфия Жолборско окшош балканактай сары чачтуу сары уул төрөп берди. Анда - санда Набат да келип турат. Күндөрдүн биринде, Набат Зулфияга телефон чалып, турмушка чыгаарын айтты.
- Ким ал?, Кандай адам? - деди Зульфия шашкалактап.
- Аялы жок, башы бош бир эркек даа - деди Набат күлүп.
-- Шашпай эле сураштырып, сүрүштүрүп жакса анан чыксаң болмок - деди.
- А сенчи? Сураштырдыңбы? Кокустан эле болуп кетти го! Бирок азыр бактылуусуң туурабы? Не болсо болсун калганы бешенемден.
Мени менен чогуу иштеген жашы улуураак эжелер тааныштырып, жолугууга чыктым. Жашы менден кыйла улуу болгону менен жагымдуу, сылык маданияттуу жакшы инсан экен. Биз деле кыркка жакындап калбадыкпы? Чыкпасам болбойт! Биринчиден шаарда жашоо кыйын экен. Экинчиден беш алты жылдан кийин кыздарым бой жетип, окуп кетип, күйөөлөп кетсе жалгыз каламынбы? Жашыбыз өтүп кеткенден кийин, эч ким карабай кала электе, турмушка чыгып алайын да досум - деди Набат.
-- Макул өзүң бил! Адашпай эле бакытыңды таап кетсең болду мага -деди.
-- Ии анан аяш менен келесиңби? Эртең келсеңер менин Гүлниза жеңемди да ала келсеңер дедим эле - деди Набат жооп күтүп.
-- Макул аяшың жумуштан келсин айтып көрөйүн анан сага айтамын. Анын үстүнө жаш бала менен алыскы жолдо кыйналып каламбы - деймин.
-- Мен билбеймин жеңем экөөңөр сөзсүз келгиле! Тууган - уругу, достору дагы жок экен дешпесин! Көңүл жакын аз эле адамдар менен кафеде олтурабыз - деди болочок аяшың .
-- Кафеде мен жаш балам менен кантип олтурамын. Анын үстүнө балам аябай эле ыйлаак. Аа макул көрөбүз го насип кылса, балким бир айласын таап барып да каларбыз - деп, сөзүн аяктап телефонун өчүрдү.
Той анчалык дүңгүрөп өтпөсө да, баргандар аябай ойноп - күлүп жадырап - жайнап бийлеп, ырдап жакшы каалоо тилектер айтылып баш кошуу нике кечеси көңүдүү өткөнүн айтып жатышты.
Талантбек жашы элүүгө жакындап, чачтарын ак аралап калганы менен, Набат менен жаш аралыгы анча билинбей, бир- бирине жарашып эле калгандай.
-- Аай иий көз тийбесин! Бири - бирине жарашып калыптыр - дешти келген жакын санаалаштары!
Канатбек сүйүп, күйүп кошулган жары менен беш жылдан ашык жашап балалуу болбогон соң, айрылбайбыз - дешип, кыз бала багып алышкан экен. Ошол кыз он жети жашка жетип, орто мектепти аяктаган кезде, аялы ооруп каза болуптур. Ал кызы азыр күйөөгө чыгып, күйөөсү менен Америкада экендигин Набатка жолугушканда айтып берген. Зульфия абысынына кыздарын калтырып, күйөөсү Жолборс менен, жеңеси Гүлзина кыздары менен келишти. Келгендер ак баталарын берип, ак тилектерин айтышып
аябай шарактап көңүлдүү олтурушуп акырында келин күйөөнү узатышып, ыраазы болуп үйлөрүнө тарап кетишти!
Таажы Аязова
Аягы.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1