АК ТАҢЫМ
Аппак таңдын нурларына жазылган,
Кадам баскан издериме катылган.
Айтылбаган, ачылбаган сырлар көп,
Сезимдердин түпкүрүндө жашынган.
Ар бир таңым эргүү менен коштолуп, Ээрчип келет күн нуруна октолуп.
Мен жылмайсам кошо ал да жылмаят,
Сүйүү сунат нурларына окшотуп.
Жарык чачсын, дайым жаркып ак таңым,
Жакшылыгын көрөлүчү ак таңдын.
Жаратканым жакшы күндөн айырбай,
Жашообузга куту орносун бактынын.
Автор: Гулмира Омошова."Поэзия Ордосу" Адабий көркөм бирикмесинин мүчөсү.
05.01.20.
КӨҢҮЛДӨ КАЛГАН КӨЗ ИРМЕМ
Анда сен сырдуу, боз улан элең керилген,
Келбетиң укмуш башкача элең терилген.
Көз кырым салып капыстан сени карасам,
Ашыктык отуң алоолоп мага берилген.
Багыштап сүйүүм арнагам жалгыз өзүнө,
Жүрөктү козгоп жалбарган сенин сөзүңө.
Арбалып мен да жалының болуп күйчүүмүн,
Сен деген сезим, жүрөктүн бийик төрундө.
Көңүлдө калды өчпөгөн сүйүү сезимдер,
Ал кезди мага эңсесем кайрып ким берээр.
Аттиң ай деймин өткөргөн ошол күндөрдү,
Түбөлүк өчпөс жомоктой эми эстелээр.
Автор"Поэзия Ордосу" Адабий көркөм бирикмесинин мүчөсү. Гулмира Омошова. Иркутск. 06.01.20.
МЕН ДАГЫ СУЙГӨМ СЕНЧИЛЕП
Жаркырап таңда күн чыкса,
Жан дүйнөгө дем берип.
Жаштыгың көзгө элестейт,
Гул сымал кезин сеңселип.
Гүл жыты жүрөк толкутса,
Турасың анда термелип.
Колуңдан кармап акырын,
Тартамын жаным келчи деп.
Карагат кара көзүңдү,
Алганмын өзүм энчилеп.
Багыштап жүрөк отумду,
Мен дагы суйгөм сенчилеп.
Ашыктык сезим дагы эле,
Жалындап күйөт жүрөктө,
Сагынып турам өзүңдү.
Убакыт жылып күн өтсө,
Келсе деп самай беремин,
Унутпай ушул мүнөттө.
Автор"Поэзия Ордосу" Адабий көркөм бирикмесинин мүчөсү. Гулмира Омошова. Иркутск. 06.01.20.
АСЫЛЫМ АПАМ
Асылым апам, элесиң турат көңүлдө,
Акыл сөз айтып,
отурган өңдүү төрүмдө.
Жылмайган жүзүң нур чачкан күндөй жаркырап,
Тургандай болуп көрүндү менин көзүмө.
Жалбарып мага, "кызым" деп,
сылап саамайым.
Турчуу элең дайым жайдары болуп маанайың.
Апакем менин, элесиң азыр сагынып,
Көрсөм деп күндө зарыгып сени самаймын.
Апакем менин, алтыным элең тендешсиз,
Айтсам да сөздүн асылын терип сан жеткис.
Эң кымбат- ыйык байлыгым элең дүйнөдө,
Ай-күндөн ашык ардагым элең тең келгис.
Сагынып апа, карааның көзгө элестеп,
Дагы эле кутөм, жолумдан тосуп келет деп.
Эртелеп таштап кеткениң эзип жүрөктү,
Көзүмдун жашы көл болуп агат сени эстеп.
Автор : "Поэзия Ордосу" Адабий көркөм бирикм
Клеточное питание - шанс забеременеть!
Смотрите!!! Ещё один результат со слезами на глазах!!!!
Знакомьтесь! Екатерина Бирюкова, г. Краснодар!
4 года они с мужем не могли иметь детей! Катя начала принимать продукты клеточного питания #Bestbepic, чтобы избавиться от тяжёлой болячки #витилиго!
А тут такой сюрприз! Через три месяца потребления питания, Катя забеременела! Пятна витилиго сократились в разы!
А также похудела на 5 кг!
Также продукты потребляют члены её семьи!
Натуральные продукты клеточного питания bestbepic наполняют каждую нашу клетку здоровьем и восстановливают все 12 систем организма!
Elev8 - это натуральная пищевая смесь! Профилактика более 700 заболеваний! А