*_
✏ Напси Жаратканын да тааныгысы келбейт, кээде "Мен силердин эн чон кудайынармын" деген фараон сыяктуу озун кудай катары сезгиси келет. Напсиге канча азап берсе дагы, текеберчилик тамыры сакталып калат. Бирок ачкачылык аркылуу ошол тамыр узулот. Мына, Рамазандагы тутулган орозо напсинин озун кудай сезген жерине туздон-туз сокку уруп талкалайт. Алсыздыгын, жардылыгын корсотуп, кул экенин моюнга алат. Эгер напсиге эч бир чек коюулбастан тамак-аштын, жыргалдын турун оз каалаганындай пайдаланса, озунун ким экенин унутуп калат.
✏ Напси тууралуу томонкучо айтылат:
_*"Алла Таала напсиге мындай дейт: 《Мен киммин, сен кимсин?》 Напси томонкучо жооп кайтарат: 《Мен менмин, сен сенсин.》 Алла Таала тозокко салып, азап бергенден кийин кайра сураса, кайра эле баягы жоопту угат:《Мен менмин, сен сенсин》 Кандай азап берсе дагы, напси кайра эле менменчиликтен, текеберчиликтен баш тартпай коюптур. Анан ачкачылык менен азап берет, тагыраак айтканда, ачка калтырып коет. Ошондон кийин дагы сурайт: 《Мен киммин, сен кимсин?》 Напси бул сапар томонкучо жооп кайтарат: 《Сен менин ото Ырайымдуу Жаратканымсын, Боорукер Эгемсин, мен болсо Сенин алсыз, муктаж кулунмун.》"*_
🍀 _*ЭМНЕ УЧУН ЖЫЛ САЙЫН ОРОЗО ТУРДУУ МЕЗГИЛДЕРДЕ КАРМАЛАТ?*_
✏ Жалпыбызга маалым, оорулар ар турдуу болот. Бул ооруларды даарылаштын коптогон жолдору бар, бирок ошонун ичинен диета дагы эн кучтуу дарылоо ыкмаларына кирет. Диета жылдын турдуу мезгилдеринде кармалат. Ар дайым узбой диета кармай берсе, таасири аз болуп калат.
✏ Орозо дагы диетанын бир туру болгону учун ушундай турдуу мезгилде кармалганы жакшы. Турдуу момолор жана тамактар учун белгилуу мезгилдер бар. Адамдар турдуу мезгилдерде диета кармоо аркылуу белгилуу учурларда бардык тамакка карата озун кармануу адатына ээ болот. Бул адамды турдуу оорулардан коргойт. Биз билгендей, кээ бир оорулар менен тамак-аштын ортосунда "пикир келишпестик" болот. Мисалы: ачуу, кычкыл, туздуу жана башка болуп болунгон турдуу тамактарга кээ бир тери оорулары коно албайт. Аллергиялык оорулардын дагы турдуу тамактар менен байланышы бар.
✏ Натыйжада, адамдардын турдуу убакыттарда, турдуу мезгилдердин тамактарына карата кармаган диетасы бул оорулардан сактайт. Адамдын денесиндеги туулгандан олгонго чейин дайыма иштеген синируу системасынын жылдын белгилуу айында жарым кундон (12 саат) кобуроок эс алдырганы пайдалуу экенин медицина далилдеп отурат. 12 айдын биринде дененин эс алдырылышы дегенди билдирген орозонун денеге берген пайдаларынан башка коргоочу касиети дагы бар.
✏ Мындан тышкары, дененин бир ай адаттагыдан башкача азыктануу режимине ынгайланышы дененин иммунитет системасын кучотот, азык заттардан даана пайдалануу мумкунчулугун тузот. Бул учурда корсотулгон сабыр аркылуу кандын ичегиде эмес, мээде кобуроок колдонулушунун натыйжасында адам учун туура ойлоого, нерселерди чындыгына жараша баалап таануу жана окуяларга туура баа берууго ынгайлуу шарт тузуп, оор басырыктуу, олуттуу мунозго ээ кылат.
🍀 _*ОРОЗО ЖАНА РУХАНИЙ ЖАКТАН ОРОЗО.*_
✏ Орозонун шарттарынын бири- ниет, тагыраак айтканда, орозодогу тигил, же бул иштин качан, эмне максат менен, эмне учун кылына турганын мурдатан ойлоп пландоо, бир ишти билип туруп аткаруу. Демек, кокусунан ачка калыш- бул орозо болуп эсептелбейт. Орозонун материалдык, ошондой эле руханий жагы бар.
✏ *1. Орозо-* бул эрк тарбиясына байланыштуу ибадат, кулдук милдети. Бул себептен улам, тигил, же бул себептен орозо кармабаган мусулман орозону кийинчереек кармабаган кундору канча болсо, ошончо кунго кармоого милдеттуу. А бирок напсисине ээ боло албай калып, ниет кылып туткан Рамазан орозосун бузганга кандайдыр мажбурдуу себеби жок болсо да, атайылап бузса, орозонун каффаратын отош керек. Абайласак, билуу менен аткаруу бир эле нерсе эмес, ортосунда айырма бар. Мисалы: спирттик ичимдик ичкен доктур ичимдиктин зыяндарын баарынан жакшы билет, бирок билип туруп ичет.
Бул бизге томонку себепти билдирет: адамдар кылган жамандык жалгыз гана билбегенинен эмес, эрки боштугу жана жаман адаттары себептуу болот. Буткул байлыгын билип туруп эле кумарга уттургандар, болор-болбос нерсе учун адам олтуруп, омур бою окунуп откон киши олтургучтор, буткул мумкунчулукторго ээ болгонуна карабастан кээ бир сезимдерине азгырылып, окуусун, ишин таштап салган селсаяктар, тамеки тартуу сыяктуу жаман адаттарды таштай албагандардын бардыгы ушул рух жана эркти уйронбогондуктун курмандыктары.
Мына, орозо азоо айбан болуп кеткен напсибиздин тизгинин колубузга берип, аны тарбиялап, Алла Таалага баш ийе турган унаага айланта турган ибадаттын бир туру. Чынында эле, айлана-чойробуз арааныбызды ачкан, сезимдерибизди козгогон эчен турдуу ырыскыларга толгон. Орозо деп аталган ибадат аркылуу Алла Тааланын ыраазылыгы учун белгилуу убакытка чейин токтотобуз. Ушинтип айбандык жагыбызды таштап, периштелешуго бир кадам шилтеп, бул ишибизди билип туруп, ниет кылып аткарып, эркибизди кучтондуруудобуз. Алла Тааланын ыраазылыгына ылайык аракеттер аркылуу дилибизди, рухубузду нурландыруудабыз.
✏ *2.* Ар бир адамда аздыр-коптур озун устом коргон озумчулдук сезими бар. Ото озумчулдор фараон жана Намруд сыяктуу такыр олбой тургансып, бул дуйнодо туболуктуу жашайм деп ойлоп, озун кудайдай сезет. А бирок орозо кармаган адамды байкасак, бир кундук гана ачкачылык аркылуу алдан тайганын, козунун нуру качканын, активдуулугунун азайганын коруп, озунун Алла Тааланын алдында алсыз кул экенин тушунот.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1