Предыдущая публикация
Жүзүңө айдан алып.
Бир үзүм тагынгандай.
Булактын шыңгыр үнү.
Күлкүңө катылгандай.
Сезилип турдуң жаным.
Сен мага табылгандай.
Өмүрү көөнөрбөгөн.
Бакытка кабылгандай.
Көзүндө күн элеси
Көөдөнүм жарыткандай.
Көркөмүң гүл белеси.
Жан дүйнөм балкып канбай.
Көлкүлдөп турдуң жааным.
Көйкөлүп көлдөй болуп.
Арманда өтөөр белем.
Мен сени көрбөй коюп.
Арманда өткүм келбейт
Мен сени сүйбөй коюп.
Кубанычбек Экашев


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев