Предыдущая публикация
Жаза билет, жүрөктөгү сөздөрдү.
Акын бул ким, көрө билген алысты,
Эң назик гүл, гүлдөй анын мүнөзү.
Акын бул ким, түн уйкусун билбеген,
Ырлар үчүн, жан дүйнөсүн бүт берген.
Акындардын жүрөгү бул таптаза,
Жазуу үчүн, бул жашоодо ал келген.
Жан дүйнөсүн, ыр дүйнөгө арнап ал,
Эргүү менен, ал жашоого жан берген.
Өзү өтсө да, өчпөс кылып жараткан,
Ырлары бар Аалам кезип тараган.
Аз өмүрдө, өчпөс кылып ырларын,
Жүрөгүнүн, каны менен жаза алган.
Данктайт дайым, окуурманы баа берип,
Тамгаларда, жаны бардай жаралган.
Окуп калсаң, сүңгүп кирип ырына,
Кошо сүзүп, өтөсүң сен аралдан.
Автор : Бурмакан Борбоева
Жалал-Абад шаары
09 11 2017 ж.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 131
Аз убакта кандай кана керемет саптар жазган,
Дайрадай, океандай ,толкуп- ташып,
Ата журт, Мекен үчүн өңдөн азган.