Ачылган кабак жакшылык табат, бүркөлгөн кабак балээге калат...
Жылмаю да садака. Өзүңдү өзүң туңгуюкка кептебей, өзгөрүүнү өзүңдөн башта. Жумуртка ичинен сынса жашоо башталат, эгерде сырттан келген соккудан улам сынса ичиндеги жандыкка жашоо бүтөт. Ар бирибиз ичибизден өзүбүздү өзүбүз напсибизди телбелеп сындырышыбыз керек. Сырттан келген сын-пикирди уккубуз келбесе жок дегенде өзүбүздү өзүбүз сындап туралы...
Башка бирөөнүн негативин уксаң, ал киши сенин позитив энергияңды кошо соруп салат. Айрыкча башкалардын гыйбатына шерик болуу ар мүнөтүңдүн берекесин учурат...