Досума.
Дос болдук биз экообуз жаштык кезде,
Ал кундор эч убакта кетпейт эсте,
Экообуз эки айылдан болсок дагы,
Буйруптур дос болууну кудай бизге.
Кимдерде гана болбойт жанылыштык,
Урушуп кээ учурда таарыныштык,
Бушайман болуп андай учурларда,
Кайра эле кечиришип жазылыштык.
Дос деген керек болот сырдашууга,
Кыйналсан жолок болор кыр ашууга,
Жашоондо досун бары кандай бакыт,
Дос менен тен болушуп кубанууга.
Достун да досу болот баркын билген,
Чачырап кун нурундай жаркып тийген,
Досума мен аябай сыймыктанам,
Достуктун антын бузбай сактап келген.
Оорубай сен бактылуу омур сургун,
Достукту унутпастан эстей жургун,
Экоосу ажырагыс достордон деп,
Билгендер экообузду эстей журсун.
Таарынып ка