Иш-чара дене-тарбия мугалими Маатов А.А тарабынан уюштурулду.
Бул иш-чараны өткөрүү максаты студенттердин ден-соолугун чыңдоо, аларды спортко кызыктыруу, сергек жашоо образын калыптандыруу жана команда менен иштөө көндүмдөрүн өрчүтүү. Ошондой эле, спорттук иш-чаралар аркылуу лидерлик сапаттарын өнүктүрүп, ар кандай мелдештерге катышуу менен өз ара достук мамилелерди бекемдөө жана дене тарбияны жашоонун ажырагыс бөлүгү катары кабыл алууга өбөлгө түзүү ошондой эле студенттердин физикалык активдүүлүккө тартуу менен бирге алардын интеллектуалдык жана социалдык өнүгүүсүнө да көмөк көрсөтүү.
Аталган спорттук иш чараны окуу жайдын бөлүм башчысы Жусмаматова Т.М ачып берип, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.
Иш-чарада студенттердин ден соолугун чыңдоо, алардын ынтымагын жана биримдигин бекемдөө максатында уюштурулган, окуу жайдын группалар жана мугалимдер аралык спорттун «Волейбол», «Футбол», «Шахмат», «Тогуз коргоол» түрү боюнча кыздар арасында мелдеш өткөрүлдү.
Волейбол боюнча мелдеште:
1-орунду мугалимдер командасы
2-орунду 2АК тайпасы
3-орунду 1СД тайпалары ээ болушту
Ал эми футбол боюнча мелдеште:
1-орунду 1СД тайпасы
2-орунду 1ЛД тайпасы
3-орунду 1АК тайпасы ээ болушту
Шахмат боюнча:
1-орунду МСМКнын БЖД сабагынын мугалими Кадыров К.Т
2-орунду 3СД тайпасынын студенти Эсенбек уулу Э
3-орунду 3лд тайпасынын студенти Суйналыева Г
Тогуз коргоол боюнча:
1-орунду 3СД тайпасынын студенти Сайпидинова А.У
2-орунду 1ЛД тайпасынын студенти Жоробекова Т
3-орунду 1АК тайпасыын студенти Төрөканова А

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев