Бир жолу самолетто бай банкир менен бантикчен кичинекей секелек кыз бирге учуп калышат. Узун жолду кыскартайын деген банкир сөз баштайт:
-Ат жалына казан ас демекчи, маектешкенче кетпейлиби карындаш?
-Макул. Бир суроо берсем жооп бере аласызбы?
-Албетте, өзүм күчтүү менеджер болсом, бир нече банкты башкаргандан кийин сиздин сурооңузга жооп бербей эмне...
-Айталы, бир эле жайлоодо кой, уй жана жылкы чогуу багылат. Алар бир эле чөптү жешет. Бирок неге койдун корголу кичинекей, уйдун тезеги жалпак. Аттыкы болсо чоң-чоң жана тоголок?
-мм.. билбейт экем...
-Бокту да билбесеңиз. Анда сиз менен эмнени сүйлөшмөк элек деп коет дейт