– Кырк беш жаш. Бала кезимде, жаштыгымда кырктан ашкандарды карып калгандай көрчүмүн. Эми өзүм ошол курактамын. Кайдагы карылык, жаштыктын ширеси агып, маңызы чыгып турган учурундай сезилет. Мени менен жашташтар ошондой эле жашап жатышат. Тилекке каршы, ушу керемет куракта жашоомо кара көлөкө түшүп, айланамды аяз каптады. Мени айыкпас дарт ажалга жетелеп баратат…
***
У-уф, карьера. Баарына ушул күнөөлүү. Карьера деп жүрүп жашоонун чыныгы жыргалын билбей жаштыгымды бекер коротуптурмун. Эс тарткандан карьера жасоо керек деген ой менен жашадым. Орто мектептен кийин борбордон жогорку окуу жайды аяктап ошол кездин модасы болуп турган экономика тармагынан дипломго ээ болдум. Кийин билимимди тере
Пайдалуу кеңештер: Калемпир чачы түшкөндөргө жардам берет
Калемпирдин даамы ачуу, табияты ысык болот. Ал көпчүлүк учурда тамак-ашка пайдаланылат, ошондой эле анын дарылыгы бар. Ал ревматизм менен ооругандарды дарылоого, ашказанда пайда болгон курттарды өлтүрүүгө, теринин кан тамырлары кеңейип кеткенде жана ушул сыяктуу ооруларга касиети чоң.
Мындан тышкары калемпир төмөндөгү ооруларга пайдалуу:
-буту-колдун муундары ооруганда, калемпирди жанчып кышында аракка, жайында уксуска аралаштырып ооруган жерге тартат;
-баштын бир ыптасы ооруганда, он баш калемпирдин сабагын сууга кайнатып, шекер кошуп ичет;
-узакка созулган ар кандай ооруга чалдыккан адамдар дайым көк калемпирдин өтө эле ачуу