АШКАЗАН АЗАБЫНАН КУТКАРГАН ЭЛДИК ЫКМАЛАР.
Капустанын ширеси
Жаңы үзүлгөн капустанын ширесинин пайдасы дары-дармектерден эки эсе күчтүү. Бир жарым ай бою күнүнө төрт маал тамактанарга жарым саат калганда бир стакандан ичип жүрүү керек.
Грек жаңгагы
Ашказан жарасын айыктыруу үчүн грек жаңгагын чагып, сөөгү менен ортосундагы чел кабыгын чогултуңуз. Ал 1 стаканга толгон соң бөтөлкөгө салып, үстүнө таза арактан куюп бир жума күн тийбеген караңгы жерге коюп коюңуз. Бир жумадан соң тамактанарга 20 мүнөт калганда бир аш кашыктан бир күндө 3 жолу ичиңиз. Дарыланууну 1 кг жаңгактын кабыгы менен чел кабыгы түгөнгүчө созосуз.
Бака жалбырак
Бака жалбыракты чай, кофе жана суунун ордуна суусундук катары