Күйөө балаң мурдагыдай карабайт.
Сууп кетти, апа мындай жарабайт.
Чач - пачымды кыскартсамбы салондон?
Балким мурдагыдай сулуу санабайт.
Жаман сөздөн канча жүрөк тилинди.
Жаман сөздөн канча күнөө илинди.
Ай кызым аай, чачты эмне кыласың.
Чачты эмес, тилди кыскарт тилиңдии))
Эркектер бар, ойлору ката болот.
Катын үч жыл туубаса, капа болот.
Үч жыл эмне? Кээ бирлер он жыл жашап.
Он биринчи жыл араң, "ата" болот.
Мунун баарын көргөнмүн, көзүм менен.
Тастыктаймын көргөндү, сөзүм менен.
Ойдогуну ушинтип, айтып салам.
Алып жүрө албаймын, өзүм менен.
Же болбосо эрлери чыдаса да.
Арманыны ар күнү чубаса да.
Болбой калды - бол иним, "ажыраш" деп.
Кайын эжелер келбейт, "мурасага".
Көптөр анан айтканды улай кетет.
Шашып чечим чыгарып, убай жешет.
Кээ бирлер бар, төрт аял алса дагы.
Перзент көрбөйт, себеби Кудай чечет.
Адам болбой жашоодо майдаланган.
Зор бололу, сабырын кайтара алган.
Келин үчүн, эң эле жаман нерсе.
Төркүнүнө томсоруп, кайта барган.
Кош Ала-Тоо кызын кети Россияга.
Иштеп иштеп акчаларды табамын,
Ай айланып айлыгымды аламын.
Билетке деп ломбартан алып келген,
Акчалардан баарын кутулуп каламын.
Иштеп иштеп акчаларды табабыз,
Ай айланып айлыгыбызды алабыз.
Кв плат питаняга бираз алып калабыз,
Калгандарын кыргызстанга салабыз.
Иштеп иштеп акчаларды табабыз,
Ден соолукту бирааз карап албайбыз.
Акча таап там саламын мал кыламын деп журуп,
Бул омурдон мигрант болуп отуп барабыз.
Автор:Гулнура Рустамбековна
АЛЫСТЫК....
Тагдыр кылып бизге калыстык
Арабызга салып койду алыстык
Сага болгон тунук суйууну
Туболукко сактоого кылып койдум алсыздык
Кетпе жаным кетпе менден алыстап
Ак суйууго журок озу калыста
Аруу тунук махабаттан алыстап
Аралында сагынычтын алсыздап
Келер бекен кайрылып же кетер бекен алыстап
Жообун тапай ушул суроонун журок турат алсыздап
А:Гулнура.Р