Мен жаш, сулуу кызды сүйүп калдым. Аялымды кантип таштаарымды билбей жатам?!”
— Аялыңды сүйүп калган кездеги сүрөтүн көрсөтчү? – деп сурайт акылман.
Киши көрсөтөт. Сүрөттө тал чыбыктай ийилген сулуу кыз карап турган болот.
— Кызык, ушундай сулуу кыздан да сулуу кыз таптыңбы? – деп таң калат акылман.
— Жок, албетте, жок. Ал кезде аялым чындап эле аябай сулуу болчу. Бирок азыр… Азыр мурункудай болбой калбадыбы? – деп мукактанат киши.
— Аялыңдын сулуулугун кайтаргың келеби?… Жаш кезин кайтарып берсем, аялыңды таштабайсыңбы? – деп сурайт акылман.
— Андай болсо, сонун болбойт беле?! Албетте, таштабайт болчумун! – деп жооп берет киши.
— Мен сага жардам берейин, бирок акысы аябагандай кым