Премьер-министр Михаил Мишустин Беларустун, Азербайжандын, Армениянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын өкмөт башчылары менен сүйлөшүп, жаңы киргизилчү чараларды талкуулаганын орус өкмөтүнүн расмий сайты жазды.
Расмий билдирүүдө мындай чара коронавируска байланыштуу «өлкөдө коопсуздукту камсыздап, калктын саламаттыгын сактоо» үчүн көрүлүп жатканы белгиленет.
Мында чектөө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине, расмий делегациялардын өкүлдөрүнө, эл аралык каттамдардагы транспорт кызматкерлерине каралбайт.
Москвада коронавирус коркунучунан улам мэр Сергей Собяниндин буйругу менен 10-апрелге чейин эл көп катышчу иш-чараларга тыюу салынган. Жабык жайлардагы жыйын-чогулуштарга катышкандардын саны 50 кишиден ашпоого тийиш. 21-марттан тарта бардык мектептер жабык болот.
Орусияда жалпысынан 93 кишиде COVID-19 вирусу табылган.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев