Кыз бурактай кылыктанган ушул гул
Конулунду буруп турат кызыл гул
Кантип мынча ай чырайлуу жаралдын
Адамдарды арбап алды караанын
Демек сенин багбанына ырахмат
Камкор болуп сени жакшы караган
Корсон эгер сен бироонун аялын
Мучо бою топ келишкен караанын
Жузу жарык каш кирпиги келишкен
Гулдой жайнап сулуу экен дегизген
Ойлоп койгун жолдошунун аялга
Жасап жаткан мамилеси чон экен
Сулуу болуп турса дагы аялы
Уруп согуп турса аны баягы
Куйоосунун жакшы жары боло албайт
Бутагына бакыт кушу коно албайт
Багбан гулдун назиктигин бааласа
Эр аялды гулдой кылып жашаса
Нан табам деп таштап келдим барымды.
Башты уруп көр оокаттын жолунан,
Баратабыз гөр тирилик соңунан.
Өзгө жакта сыздап иштеп жатабыз,
Өлкөбүздө кылар жумуш жогунан.
Таштап келдим 90 жашар атамды,
Алуу үчүн тойдо берген батаңды.
Той кылууга каражатты тапкыча,
Ата сени кайра таба аламбы?
Качып келдим 80деги апамдан,
Күнөө көрбө тентек кылган катамдан.
Насип кылса барам апа жаныңа,
Сынып турам каражатсыз баргандан.
Ала келдим ай чырайлуу жарымды,
Байлап келдим өзгө журтка багымды,
Эч нерсе жок өз жериме сагынтып,
Таштап келгем дүйнөдөгү барымды.
Көрө албайм уулум менен кызымды,
Көрөм күндө башчылардан кысымды.
Эбак эле өз атымды унутуп,
Кийип жүрөм Чурка деген ысымды.
Кылган ишим хан сара