__АЯЛДЫ АЯЛ БОЙДОН САКТАГЫЛА__
Аялга турмуш жүгү бар сыңары,
Бүлөө деп өтүп жатат жаш убагы,
Келгенде келин болуп татынакай,
Кайдан анан оор турмуш таш кулады.
__
Аялга - ааламдын бүт жүгүн артып,
Үстөмдүк кылып эркек үнүң каттык,
Аялды аял бойдон сакта-а-бастан,
Жыргатып эмне кылган күнүң артык.
__
Жат эмес арабыздан элден чыккан,
Аялдын кейпин кийип теңдеп чыккан,
Эркектер алсыз болуп калган үчүн,
Көбөйдү кыз келиндер эрден чыккан.
__
___________КАЙРАТ АШУРОВ_________