Тыңдачы, калбасынчы ичте сыр,
Мен бүгүн жазгым келди жакшы ыр.
Жүрөккө шаттык куруп көңүлдө,
Сейил бак аралайын эс алдыр.
Мелүүндөп таң эртелеп жүрүп жел,
Сергитип мага маанай сүрүп кел.
Түнөк таап жүрөгүмдө жашасын,
Эргүү шаң, агып турсун ашып сел.
Кайкыган ак куш болуп асманда,
Дидарым күч, алып учуп башкача.
Карегим муңга баткан кездерин,
Сезимим бүгүн жуусун жамгырча.
Сүйөйүн баарын кайра өзгөчө,
Денем ысып ойум бүтүн өзгөрө.
Күн батса күгүүм тарта чок болуп,
Дал ошондой ичте отум алооло.
Жайнайын жерге батпай талаада,
Жадырап гүлдөй аппак ачыла.
Аарынын сүймөнчүгү өзүм болуп,
Ширесин күн батканча ташыса.
Бактылуу болор элем ошондо,
Жагымдуу маанай мени коштосо.
Бар дүйнөм бир ыргакта термелет,
Бир дабыш сыбызгыдай созгондо.
Көркүнө чыгаар ырым жаратсам,
Шыктанып ар бир сапка болуп таң.
Абдыкадырова Айнуса


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев