Асман тиреген тоолордун арасына жашынып күн да кирип баратат. Аппак булуттар каптаган кызгылт тарткан обо. Тоолорду аралап узун кеткен жолдо сызып бараткан машина жогорку ылдамдыкта. Улам артта калып жаткан жаратылышка көз жүгүртүп, түпсүз ойлорго баттым. Эмнегедир балалыгымдагы күндөрүм эсиме түшүп кетти.
"Ар жыл сайын каникулда кийимдеримди салыштырып, айылды көздөй жөнөйм. Айылдын таза абасын, шарпылдап жээкке урунган ЫсыкКөлдүн толкундарын, боз адыр менен узун кеткен жашыл талааларын жакшы көрөм. Анан дагы ысык нанын жаап, неберем келатат деп отун жагып, дасторконун даярдап чыдамсыздык менен күтүп турушкан таята-таенем бар. Өзгөчө таятамдын жолдон тосуп алып, көздөрүн жайнатып чекемд
Эс тарткандан баштап эле бул жашоодо түп-тамыры менен ордун жоготкон чындыкты издечү элем. Бүгүнкү күнү адамдарда чындык эмей адамгерчилик жок экенине толугу менен ынанып отурам. Адамдарда адамгерчилик болбосо,анан чыркыраган чындыкты кайдан издеп таба алам? Көп сөз жазгым келип, ичимен өрттөнүп, жанымды коерго жер таппай турган учурум. Калыстык,адамгерчилик,кең пейилдик деген нерсе жашабагандан кийин башкасын айтканда не пайда? Аман болгула! Айтар сөзүм толтура, жазгандарымды окуп түшүнүп калаарсыңар деген кичинекей болсо дагы үмүтүм бар.
Билем,ата алдыда сен да,мен да күтүп жүргөн жолугушчу күнүбүз бар. Бирок ал кайсы күнгө буйруп койгонун экөөбүз тең билбейбиз. Ишенсең,акыркы жылдары элесиң деле эсимен кетип баратат,балким бул менин эс тартып калганымбы,айтор мурункудай сулуу жүзүңдү элестете албай калдым. Бир жолу үйдө кереги жок ыргытылып жаткан кийимдердин арасынан сенин эскирип калган футболкаңды көрүп зээним кейиди. Үйдөгүлөрдүн урушканына карабай аны алып катып алгам,ал эскирген футболкаң көзүмө ушунчалык баалуу,ушунчалык кымбат көрүнүп туруп алды. Сени сагынганымда уктаар астында кийип жатам,анан сени түшүмдө көрөм. Түшүмө дагы көп кирбей калдың го эмнегедир? Таарындыбы деп ойлойм,же баягы жаман эки кара кызыңдын чоң