*
Алла Таала мындай дейт: _*«Жер үстүндө жана силерде болуп жаткан бардык кырсыктар Биз аны жарата электе эле китепте жазылган. Албетте Бул Алла үчүн оңой нерсе»*_ (57:22).
_*«Биз Эскертүүлөрдөн кийин Забурга да жазып кеткендей, жерди Менин асыл пенделерим ээлеп калышат»*_ (21:105).
Алла Таала ар бир нерсе тууралуу анык билет. Ал өткөн мезгилдерде болгон жана келечекте боло турган нерселердин баарын билет. Ал баарын жалпысынан жана майда-баратына чейин билет жана Андан асманда да, жерде да эч нерсе жашыруун кала албайт. Жараткан мындай дейт: _*«Биз адамды жараттык, ал ичинде эмне деп шыбырап жатканын да билебиз»*_ (50:16).
Жараткан Алла асман менен жерди жарата электе эле Эскертүүдө (Лаухул-махфузда) кыямат кайымга чейин боло турган нерселердин баарын жазып койгон. Алла жараткан эң алгачкы нерсе Калем болду. Ага Ал: _*«Жаз!»*_ деп буйруду. Калем: _*«Оо, Жаратканым, мен эмнени жазам?»*_ деди. Ал: _*«Боло тургандын баарын жаз!»*_ деди. Ошондо Калем кыямат кайымга Чейин боло турган нерселердин баарын жазды.
Бардыгы Анын бийлигинде болуп, Анын эркине баш ийет. Анын колунда бийлик, Анын колунда асман менен жердин ачкычтары бар. Дүйнөдөгү нерселердин баары Жараткан Алланын амири менен болот. Жакшылыктар дагы, жамандыктар дагы, азаптар дагы, коркунучтар дагы, коопсуздуктар дагы, саламатчылык дагы, оорулар дагы, деги бардык чоң жана кичине нерселер, маанилүү жана мааниси жоктой майда-бараттын баары Анын амиринде.
Тагдырга ишенүү кишиге тынчтанууну алып келет. Ал жашоо жолунда кыйынчылыктарга учураган мезгилдерде да тынчсызданбай, caнаa тартпай жашайт. Ал өзүнө келген нерсенин баары аны айланып өтүп кетмек эмес экенин, ал эми айланып өтүп кеткен нерсенин баары ага келмек эмес экенин билет. Ошондуктан ал тагдырга ишенбегендерден айырмаланып, көңүлү токтоо жана тынч.
Тагдырга ишенген киши кайгы келгенде чыдамкай жана сабырдуу болуп, Жараткандын соопторунан үмүт этет. Натыйжада ага кайгы катары келген нерсе жакшылыкка айланат.
Алла Taaлa мындай дейт: _*«Ар бир балээ-кырсык Алланын өкүмү менен гана болот. Ким Аллага ишенсе анын жүрөгүн түз жолго салып коет. Aллa бардык нерсени билүүчү»*_ (64:11).
Кырсык-балээге кабылган киши Алла жазган тагдыр экенин билип, Алланын жакшылыгынан үмүтүн үзбөй сабырдуулук кыла турган болсо, Жараткан Алла анын жүрөгүн ак жолго салып коёт дагы, Өзүнүн туура жетекчилиги жана туура багыты менен анын бул дүйнөдө жоготкон нерсесинин ордун толтуруп берет. Ал эми кээ бир учурларда Жаратуучу пендеге жоготкон нерсесин кайтарып берет, же андан да жакшы нерсени белек кылат.
Боло турган нерседен качып кутула албайсың. Биздин колубуздан келчүсү бир гана Жараткандын тагдырына баш ийип, моюн сунуу жана көп кишинин адат сөзүнө айланган _*«Аттиң...»*_ деген сөздү ары кууп салуу. Бардыгы кандай болсо так ошондой болмок. Ошондүктан _*«Аттиң»*_ дегенден эч пайда жок. Анткени болбой калган нерсе болмок эмес. Эч качан: _*«Эгер мен баландай кылганда, түкүндөй болмок экен»*_ ,деген, же: _*«Эгерде мен муну кылбай койгондо тигиндей болмок эмес экен»*_,деген өкүнүч сөздү айтпай жүр. Болгону _*«Алланын тагдыры, Ал Өз каалаганын кылды»*_ деп айтсаң туура болот.
*ОРТОМЧУЛУК*
*АЯТ:* ```«Ыймандуулардан эки топ бири-бири менен уруша турган болсо, алардын ортосуна түшүп элдештиргиле! Эгер бири-экинчисине зомбулук кылса, баш тарткан тарабы менен Аллахтын буйругуна баш ийгенге чейин кармашкыла! Ал эми баш ийишсе, адилеттүүлүк менен 8 элдештирип, адилет болгула! Чындыгында, Аллах адилеттүүлөрдү жакшы көрөт».``` ("Хужурот" сүрөсү: 9)
*ХАДИС:* «Нафил намаз, орозо жана садакадан да жакшы иш бул эки адамды элдештирип ортосун түзөө. Анткени эки адамдын таарынычы динди тамырынан жок кылат». (Тирмизи)
*ОКУЯ: «ЭЛДЕШКЕНГЕ АРАКЕТ КЫЛГЫЛА!»*
Күндөрдүн биринде Аирети Умар (р.а.) Мухаммед Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жылмайып жүргөнүн көрүп, анын себебин сурайт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Үммөттөрүмдөн эки киши, акыретте суракка тартылып жаткан. Бирөөсү: «Оо, Жараткан! Бул адамдан акымды ал!» дейт. Аллах Таала экинчисине бул адамдын акысын бер дегенде, ал: «Оо, Жараткан! Эч нерсем жок болсо, кантип бермек элем» дейт. Аллах Таала акы ээсине: «Бул адамдын жакшы амалы калбай калыптыр. Эми кыласың?» деп сурайт. Тиги киши: «Андай болсо, Күнөөлөрүмдү алсын» дейт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ыйлагысы келип:«Ошол күн ушундай коркунучтуу болот, ошол күнү башкалардын күнөөлөрүн жүктөп алуу мындай турсун, адамдар өзүнүн күнөөлөрүнүн жүгүн көтөрө албай калышат» дейт. Аллах Таала акы ээсине:
_-Башыңды көтөрүп, бейиштин кереметтүү хансарайларын карачы!_-дейт.
_-Ооба, көрүп жатам. Бул көз тайгылткан хансарайлар, кайсы Пайгамбарлардыкы же кайсы шейиттердики?_
_-Ошол көрүп турган, көз уялткан хансарайлар акысын төлөгөндөр үчүн салынган._
_-Оо, Жараткан! Алардын акысын ким төлөйт экен?_
_-Сен төлөй аласың._
_-Кантип төлөмөк элем?_
_-Акыңды бул бир тууганыңдан кечүү аркылуу бул хансарайларга ээ боло аласың._
_-Оо, Жараткан! Анда аны кечирдим!_-дейт тиги киши.
Аллах Таала:
_-Кана бир тууганыңдын колунан кармап, бейишке киргиле!_- дейт.
Анда Пайгамбарыбыз (с.а.в) сөзүн улантып: _«Аллахтан корккула! Ортоңорду оңдогону аракет кылгыла! Ошондо Аллах Таала кыямат күнү силердин ортоңорду оңдойт»_ дейт.
*Жумшактык-сулуулук.*
Жумшактык- кишинин көркү. Анын жок болуусу жийиркенүүнү жана алыстоону пайда кылат.
Жумшактык, сылыктык, жагымдуулук, жылмаюу жана жакшы сөздөр, булар-
бактылуулардын белгиси. Чыныгы ыймандуу киши ушундай болот. Ал аары сыяктуу жакшы нерсе менен азыктанып, жакшы нерсе болуп чыгарат. Ал гүлгө конгонунда аны сындырып, же дагы башка зыян келтирбейт.
Aллa Таала жумшактык үчүн катаалдык жана оройлукка берилбей турган нерселерди белек кылат.
Дүйнөдө адеп-ахлактуу, жакшы тарбияланган кишилер бар. Алар сүйкүмдүү жандар. Аларды барлык жерде күтүшөт. Келгенинде кyчак жайып, кубанып тосуп алышат. Анардын сүйлөгөн сөздөрүнөн, жумшактыгынан, сылыктыгынан, көмөгүнөн жана тартиптүүлүгүнөн айланасындагылар рахат алат. Бардыгы алар менен мамиле түзгүлөрү келет. Бардыгы алар менен тааныш болуп, баарлашканга умтулат. Жумшактык алардын өзгөчө мүнөзү.
Бул адамдар: _*«Жамандыкты жакшы менен түртүп сал, ошондо сени менен душман болуп жүргөн адам сени өтө жакшы көргөн жакын досуңа айланат»*_ (41 :34) деген эрежени колдонушат.
Алар жамандыкка жакшылык менен жооп беришет. Сылык-сыпаа болуп, айкөлдүк кылышат. Таарынычтарды кечиришет. Акылсыздардан жүзүн буруп, ачууларын басышат. Жакшылыкты эстеп, жамандыкты унутушат. Аларды жан-дүйнө тең салмактуулугу, сабырдуулук жана сезимталдык өзгөчөлөнтүп турат.
📚 *"КАЙГЫРБА"* китебинен.
*"ЭСКЕРТКИН, ЭСКЕРТҮҮ ЧЫНДЫГЫНДА МОМУНДАРГА ПАЙДА БЕРЕТ.*
*"(АЗ-ЗАРИЯТ СҮРӨӨСҮ 55-АЯТ)*


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3