Жаратып бул дүйнөгө тапкан апа,
Жашырып жаманыңды жапкан апа,
Жаныңдын амандыгын күндө тилеп,
Жатаарда дуба кылып жаткан апа,
Ак кийгизип ,ак жедирип баккан апа,
Абайлап ак бешикке салган апа,
Агарып таң атканча карыш жылбай
Нур сымал жарыгын тегиз чачып,
Нан чайнап алкымыңа салган апа,
Наадандык кылганыңа нары кетпей
Наалыбай акыл сөзүн айткан апа.