Улуу муундардын накыл сөздөрү:
1. Кызды жаштайынан үй тиричилигине үйрөтүп, адептүүлүккө, тыкандыкка, тазалыкка тарбиялоо керек.
2. "Күн чыкканга чейин уктаган адамдын ырыскысы кем болот, таң жылдызы бар маалда ырыскыңды тилеп кал" дешкен.
3. Таң саардан короону шыпырса, “жүзүң мендей таза болсун” деп шыпырылган жер батасын берет, “Кыздуу үйдө кыл жатпайт” - деп үйдүн тазалыгына кыз жооп берген.
4. Кечинде үй шыпырбайт, жин-шайтан уялап албаш үчүн шыпырындыны үйгө түнөтпөйт.
5. Казанга салып идиш-аяк жуубаган, алардын калдыр-шалдыр добушу жокчулукту чакырат, идиш-аяк кагышса үйдөн ырыскы качат.
6. Казанды жууган соң жуулган сууну казан менен төкпөйт, антсе ырыскыны казаны менен төгүп с