1-бөлүм
Азыр жашым 20 да. Атым Таңсулуу, апамыдын аты Таңзира болгон экен. Апасынын атына окшош болсун деп атымды Таңсулуу койгон экен атам. Өзүм жаш болсом да башымдан көптөгөн кыйнчылык күндөрүмдү өткөрдүм. Мен төрөлгөндө апам бул дүйнөө менен коштошкон экен. Антиң балким мен жаралбаганда апам бул жашоонун доорун сүрмөк беле, мендагы мынчалык өз энемдин мээримине зар болуп кыйн күндөрдү кечирмек эмес елем. Же апам тирүү болгондо азыр биз аябай бактылуу үй бүлөө болмок белек. Ошентип апам төрөтөн каза болгондон кийин мени тайэнемда жек көрүп калган экен. Атиң бул да тагдырдын бир сыносу. Бирок атакеме чоң рахматымды айтам, себеби эне ордуна эне, ата ордуна ата болу апмын жоктугун билгизбей 5 жашыма чейин өзү бапестеп тарбиялады. Айлар жылдар өтүп жашым 5 жашка толду анан атамда өз турмушун улантуу үчүн өзүнө өмүрлүк жар алды. Үйдөгүлөрдүн баарысы кубанычта. Бир кезде чоң энем мени эркелетип бетимден сүйдү да садага болойун кызым бүгүн сага атакең апа алып келет ал сенин өз энең болот деп кулагыма шыбырады. Ал кезде жаш бала болгондуктан аябай сүйүнгөм, себеби өзүмдүн апакем баар турбайбы деп. Ошентип атакем үйлөнүп бактылуу жашап калды. Атакемдин жубайын апа деп жүрдүм, бирок ага жакпады окшойт апа дегеним. Атам жумушка чыгат мен өгөй апа менен үйдө калам. Ал кезде жаш болгондуктан өгөй ким экенин деле билчүү эмес елем. Өгөй энем чоң атам, чоң энем жана атамдын көзүнчө мени эркелетип жакшы мамиледе болчу. Бирок алар жокто аябай еле мени урушуп үй жумуштарды мага кылдырат болчу. Жумуштарды ката кылган болсом өгөй эненин жемесин угуп, таягын жейт елем. Ыйлайт елем аябай ыйлачуумун бирок апа деген ушундай болот турбайбы деп өзүмдү сооротуп койчумун. Эртеменен эрте атам жумушка кетет, кечинде келет мени эркелеткенге деле убактысы жок болчу. Анан өгөй эне мени атам келгенде кызың мени тоготпойт, мени сен деп сүйлөйт, менин тилимди албай жатат деп жамандап да берчүү.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 50