Көздү курчуткан төрт нерсе:
1. Кыбыланы жүздөнүп отуруу
2. Уйкунун алдында көзгө сурма коюу
3. Жашылга кароо
4. Таза кийим кийүү
Акылды курчуткан төрт нерсе:
1. Ашыкча сөздү таштоо
2. Мисвак колдонуу
3. Такыба, дурус адамдар менен отуруу
4. Аалымдар менен отуруу
Төрт нерсе ибадат болуп саналат:
1. Дааратсыз кадам таштабоо
2. Көп сажда кылуу
3. Мечиттерге көп баруу
4. Куранды көп окуу
Жүгүң оор болсо, жашооң жеңил болот.
=================================
Бирде атасы менен баласы бара жатса, жол боюнда ат туягынан түшүп калган жешилген така жатыптыр. Атасы: Уулум, мобу таканы алып ал, кереги тийип калат, - дейт уулуна, таканы таягынын учу менен көрсөтүп. Уулунун эңкейгиси келбедиби, же жөн эле алгысы жокпу, айтор: эскирген така экен, ата, эмне кереги болмок эле, - деп өтө берди. Атасы унчукпай таканы алып, таар торбосуна салып жолун улады. Биринчи эле жолуккан айылда таканы темир устага берип, арзыбаган тыйын алды да, анысына бир ууч чие сатып алды. Аны бирден оозуна салып, уулуна көңүл бурбай кете берди. Бир аз баскандан кийин чиеден бирди жерге таштап койду эле баласы и