Предыдущая публикация
Жөн эмес жактырганым сени жаным,
Себеп бар сен деп гана олугууга.
Бизге бул эки дүйнө аздык кылат,
Үчүнчү дүйнө керек жолугууга.
Башкалар керек эмес анык айтам,
Сен жакшы сезимдерим бөлүшкөнү.
Сүйүүбүз батпайт эки дүнүйөгө,
Үчүнчү дүйнө керек көрүшкөнү.
Сезимдер күч топтоду нечен жылдап,
Тоскоолдук болсо эгер чабышканы.
Сагынтып эзип бүтөт эки дүйнө,
Үчүнчү дүйнө керек табышканы.
Нурсулуу Төлөнбаева


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2