Сыйкыры бар,демиме дем аба таза көр күчүн.
Күндө чыгып бийиктиктен карайм улам суктанып,
Асманым да кенээн тартып берип турат көк түсүн.
Үңкүрүң бар,зыяратта кирчүү баары камынып,
Үйрөтөсүң жашоо нугун үмүт шамың жагылып.
Үстү жактан желбиреген кыргыз жыттуу желегиң
Алган өңдүү күндүн нурун бүт оронуп,жамынып.
Бийик болуп мемирейсиң,өкүм сүрүп тынчтыкта
Ачык болсун асманың да бүркөө болуп тумчукпа
Мейли сени баалабаса кете берсин башкалар
Мендей сени сүйгөн жандар бар андыктан унчукпа.
Сулайман-Тоо төрү болду туристтердин баарына
Чыдап түттү дүнүйөнүн ыссыгына,каарына.
Ал андыктан аздек тутуп,көрктөндүрүп туралы
Акыл айтты ушул кыз деп калбагыла таарына.
Ошум үчүн,Сулайман-Тоо,элим үчүн күйүнүп,
Окуйм,иштейм,кызмат кылам мен даярмын баарына.
Нурсулуу Төлөнбаева


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев