Предыдущая публикация
Сезимди сенден издедим Бегим,
Сагынып жытын искедим Бегим.
Жалооруп мага караган кезде,
Жактырып мен да тиктедим Бегим.
Кыйналсам аны билбегин Бегим,
Куйсупур санаа илбегин Бегим.
Кайчылаш жолдун азабын тартып,
Жүрөктү өйүп,тилбегин Бегим.
Багытсыз суудай агылдым Бегим,
Өчпөгөн отко жагылдым Бегим.
Өтсө да жылдар унутпай эңсеп,
Өмүрлөш муңга кабылдым Бегим.
Башкага сизди алдырдым Бегим,
Бүтпөгөн күйгө салдырдым Бегим.
Бүрдөбөй куурап мамиле калды,
Бугумду ырда жардырдым Бегим.
Башкага сизди алдырдым Бегим,
Бүтпөгөн күйгө салдырдым Бегим.
Нурсулуу Төлөнбаева


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев