Предыдущая публикация
Айлана бүт кийгендей сары көйнөк,
Баштагыдан быйылкы күзүм бөлөк.
Кече эле бийиктен бизди көрчүү,
Жалбырактар жөнөптүр жерди көздөп.
Муздак шамал жүзүмдөн сылап турду,
Эмнегедир жүрөгүм уйгу-туйгу.
Жел учуруп чачымды ар тарапка,
Кошо айдап ичтеги кайгы муңду.
Көркөмүңө сөз жеткис башкачасың,
Аруулук бар күзүм сен таптазасың!
Баскының деп айланып алтын күздө,
Чакыргансыйт өзүнө бак дарагың.
Нурсулуу Төлөнбаева


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1