Бул катты мен кокусунан көрүп калып, сиздер менен бөлүшөйүн деп чечтим. Өзүнөн уруксат алдым. Аганын карындашына болгон ак тилеги, анын бактысы үчүн чын дилинен күйгөнү, берген кеңештери мени кайдигер калтырган жок. Сүйлөшүүнүн ортосунда кыздын агасынан кеңеш сураган суроолору бар эле. Ал жерлерди алып койдум. Мүмкүн мында айтылган ойлор кээ бир жаш үй-бүлөлөргө пайдалуу болуп калар.
***
...Биринчи сен өзүндү баалаганды, өзүңө кам көргөндү үйрөн. Бул дүйнөдө ар бир адам жалгыз экенин, ошондуктан ар бирибиз күчтүү, жагымдуу, чыдамкай, сабырдуу болууга аргасыз экенибизди унутпа. Өзүңдү дайыма жогору кой. Бул кыйынсынуу эмес. Мисалы сен өзүңө “мен эң мыкты адаммын, менин колумдан баары келет, мен бактылуумун, бактылуу болгонум үчүн алты саным аман, жүрөгүмдө ашыкча көйгөй жок. Мисалы канчалаган адамдар азыр айыккыс дартка чалдыгып, олумун күтүп жатышпайбы. Канчалаган адамдар кокусунан келген кырсыктардан улам түрмөгө түшүп, жертөлөлөрдө тирүүлөй чирип жатпайбы. А мага Кудай эркиндикти, ден соолукту, өмүрдү берди. Таңды көргөндү буюруду. Жанымда түгөйүм бар. Жей турган ырыскым бар. Акыл айтып турган кайната, кайненем, үйдө апам, агаларым бар. Карачы, мен кандай бактылуумун. Ал эми кээ бир адамдардын артынан сурай турган адамы болбойт. А мен бир үйдүн кутумун. Аял үйдүн куту дейт эмеспи. Кудайым!!! Бул үчүн сага чоң рахмат! Эми мен ушул бакытка татыктуу болушум керек. Татыктуу болуш үчүн эң мыкты адам, эң мыкты аял, эң мыкты тууган, эң мыкты кошуна, эң мыкты келин, эң мыкты жар болууга милдеттүүмүн. Жанымдагы адамдарга жакшы мамиле жасап, күлүп-жайнап, маанайларын ачышым керек. Бир күндө жок дегенде бир адамга жакшы мамиле жасап, жок дегенде жылмайып турайын. Жылмаю да садага эмеспи...” деген ойду өзүңө сиңир. Жашоодо кээ бир учурларда тосколдуктар болот. Ким бирөө сага начар мамиле жасап коюшу мүмкүн. Сен аларды эч качан көңүлгө алба. Уруш-талаштан кач. Кээ бир өзүң чече албаган маселелерде дайыма Кудайдан жардам сура. Кудай бардык жерде. Ал сени угат. Кааласаң намаз окуп кайрыл, кааласаң жөн деле кайрыла бер. Бирок чын дилиңден, жүрөгүңдөн суран. Кудай чындыкты жакшы көрөт. Кудай бооркерликти, кечиримдүүлүктү, тазалыкты, ачыктыкты жакшы көрөт. Чындыгында бул жашоо анчалык деле татаал эмес. Аны биз адамдар өзүбүз татаалдаштырып алабыз. Аны жөнөкөйлөштүр. Курсагың токпу, эч жериң үзө тартып ооруган жокпу, үстүңдө үйүң, алдыңда жей турган тамагың, жаныңда өзүң каалаган адамың барбы? Болду. Башка нерсеге баш оорутпа. Төркүнүн тууралуу ойлонбо, биз үчүн кейибе. Апаң да, агаларың да чоң кишилер. Алар өздөрунүн проблемасын өздөрү эле эң сонун чечип алат. Ошондуктан биринчи өзүңө болгон ишенимди арттыр, карындашым. Өзүң менен өзүң тынбай иште. Кадимкидей эле. Тегерегиңдеги адамдардын арасына нур чачып тургандай бол. Уялба, тартынба. Ар бир адамга чын дилиңден жакшы мамиле жаса.
***
Сен эми ошол үйдүн тукумун улоочусусуң. Буйруса балалуу да болосуң. Барган жериңден бак табуу үчүн бар күчүңдү жумша. Кайын журтуң тууралуу таптакыр жаман айтпа. Алар менен эч качан каршылашпа. Мисалы сен эми ошол уруктун тегин улайсың. Болочокто балдарыңдын кыял жоругу, өң-түсү күйөөңдүн туугандарына окшош болот. Эне өз баласын жаман көрүшү мүмкүнбү? Мүмкүн эмес. Демек жалпы жонунан адамдын жаманы болбойт. Адамдарды адамдар гана жаманга же жакшы бөлүп, мамилесин ошого жараша өнүктүрөт. Анын натыйжасын көрөт.
***
Өзүңдү кандай кырдаал болсо да колго алганды үйрөн. Түйшөлүп кеткенде бир силкинип ал. “Мен эмне болуп атам, мындай болушу мүмкүн эмес, мен күчтүү адаммын, мага Кудай жардам берет” деп кайра-кайра өзүңө кайрат берип тур. Эч бир адам биринен бири өйдө же төмөн болбойт. Баары бирдей. Болгону ички тынчтык керек. Жан дүйнө тынчтыгы деп коет. Жан дүйнөңө тынчтык чакыр.
***
Эркектер дайыма бала бойдон калат. Ошону унутпа. Элүүгө чыкса деле апасынан мээрим, сүйүү күткөн баладай өздөрүнүн жубайларынан мээрим, сүйүү күтө берет. “Аялым жаркылдап, мени менен жашаганына ыраазы болсо” деп ойлойт. Алар деле адам. Керек болсо саат сайын, мүнөт сайын аялынан жакшы сөз угуп тургусу келет. Ыгын келтирип дайыма күйөөңдү мактап, көңүлүн көтөрүп турганды үйрөн. Аял киши эркектерди өзүнүн жумшактыгы, сылыктыгы, мээримдүүлүгү менен багынтат. Катуу айтып, таарынып, кыялын көрсөтүп багынта албайт.
***
Бул дүйнө ар түрдүүлүгү менен кызык. Сенин тегерегиңдеги адамдардын баары эле сен катары кайсы бир түйшүктө жүргөн, бирок анысын билдирбеген адамдар. Алардын акылы, ой жүгүртүүсү деле сендей эле болот. Болгону маалыматы көп болушу мүмкүн. Бирөө мүмкүн эки, үч тилде сүйлөйт, бирөө мүмкүн саясатта эмне болуп жатканын жакшы билет. Сен ага кемсинбе. Болгону башында адамдарды сөзүнө карата баалаганды, билими, акылы канчалык экенин аңдаганды үйрөн. Ошого жараша өзүңдү даярда. Мүмкүн ал кишилер сенден кайсы бир тармак боюнча артык болушу мумкүн, бирок сен билген нерселерди билбейт. Сен бекер окуган жоксуң да. Өзүндүн билимиңди өз орду менен колдоно бил.
***
Күчтүү адам бол! Күчтүү адам болуу сенин билимиңе, акчаңа, мансабыңа карабайт. Нерви бекем, сынбаган, кайраты темирдей адам болгонго умтул. Жыгачтын жумшагын курт, адамдын жумшагын адам жейт. Жумшак, алсыз, тез ачууланган, таарынчак, бат эле чөгүп калган адамдар өз тагдырын өздөрү бузуп алышат.
***
Карындашым! Көпчүлүк учурда адамдар башкалардын алдында өздөрүн акташ үчүн жанындагы адамдарды жамандап коюшат. Сен эч кимди жамандаба. Тегерегиңдеги адамдар болгону сенин ички дүйнөңдү чагылдырып турган күзгү. Эгер өзүң жаман болсоң алар да сага жаман көрүнүшү мүмкүн. Айрыкча өзүндү курчап турган жакын адамдар сен кандай болсоң сага ошондой мамиле жасайт. Ошону унутпа. Күнөөнү алардан эмес, өзүңдөн изде.
***
Эгер кайын журтуңа, күйөөңө жакпай жатсаң анда өзүңдү кайра жаса. Алар сени кандай келин катары көргүлөрү келип жатканын изилде. Ошондой болгонго умтул. Карындашым, бакыт үчүн адам күрөшүш керек. Кырсык, жамандык кокустан келет. Ал эми бакыт, дөөлөт, ырыскы кокустан келбейт. Ага өзүң татыктуу болуш үчүн күрөшүшүң керек. Бакыт үчүн күрөшүү жалаң жакшы, ак ниет, адилет иштерден турууга тийиш. Кайнатаңа, кайненеңе, күйөөңө мүмкүнчүлүк боло калганда ыгын таап ыраазычылык билдирип тур. Кийин сенин азыркы абалың күйөөң экөөңдүн эсиңерде жакшы, жагымдуу, күлкүлүү окуядай эскерилип калышы керек. Мисалы “мен кичинекей айылдык кыз элем, анан эле күйөөмдү жактырып калып апамдын коюнунан эле түз эле ушул үйгө түшүп калбадымбы. Чынында силерден коркуп, чүнчүп, алаңдап жүрүп араң өзүмө келбедимби. Ошол учурумду түшүнүп койгон сиздерге ырахмат, мен бактылуумун”,- деп чындыкты айтканды бил. Чынында эле ошондой да. Сен азырынча жаңы турмушка көнө албай жатасың карындашым. Бул кадимкидей эле боло келген көрүнүш. Бардык жаш келиндер алгач сендей болуп кыйналышат. Бөлөк үйгө көнүш оңой эмес. Мындай сезимден коркпо. Мен кайын журтуң, күйөө бала сени сыйлай турганын, жакшы көрөрүн билем. Эч ким “балам кайра ажырашып кетсин” деп келин албайт. Ошончо кишинин ишеничин акташың керек. Алардын ак тилегин кирдетпе. Эч качан кабагыңды бүркөбө, тартынба, оюңдагыны эч кимди капа кылбай тургандай кылып, тамаша кошуп, түшүндүрүп, жеткирип айтканга аракет кыл. Орой, корс болбо. Тоодой болгон агаларыңды уят кылба, үйдөгүлөрдөн менден башка эч кимге кыйналганыңды айтпа.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 6